Сот ири вебкам-студия тармагын негиздеген Ажиевди 29-июлга чейин камакка алды

Өзбекстанда кармалган ири вебкам-студия тармагынын негиздөөчүсү Даниэль Ажиев соттун чечими менен 29-июлга чейин камакка алынды. Бул тууралуу 6-июнда «Клоопко» Биринчи май райондук сотунан билдиришти.

Маалыматка ылайык, райондук сот 5-июлда УКМКнын тергөө башкармалыгынын Ажиевди камакка алуу өтүнүчүн канааттандырды.

5-июнда «трансулуттук ири вебкам-студия тармагына» бөгөт коюлуп, негиздөөчүсү Даниэль Ажиев кармалганы кабарланган.

УКМК кызматкерлери Ажиевге таандык үч чоң студияда тинтүү жүргүзгөн. Ал жерден 30 оператордун ар кандай сайтта акча үчүн интимдик мүнөздөгү кызмат көрсөтүү ишин уюштурганы аныкталып, 80 даана компьютер табылган.

Атайын кызматтан бул боюнча тиешелүү далилдер алынып, кылмыштуу топтун үч мүчөсү кармалганын билдирген. Ажиев «жоопкерчиликтен качуу максатында» 31-майында Кыргызстандан чыгып кеткендиктен, ага издөө жарыяланып, кийин Өзбекстанда колго түшкөн.

Даниел Ажиев эмнеси менен белгилүү?

2020-жылы Даниэль Ажиев вебкам бизнес менен алектенерин айткан. Ал 2018-жылы батиринде вебкам студия уюштурганы үчүн кармалган. Анда Ажиев 30 миң сомдук айып пулга жыгылган.

Ажиевге байланыштуу эң чуулгандуу окуя 2020-жылы коронавирус пандемиясы учурунда болгон. Анда Ажиев «Интернет тармагы аркылуу расалык, этностук, улуттук, диний же региондор ортосундагы кастыкты козутуу» беренеси боюнча кыргыздар тууралуу кемсинткен сөздөрдү айтканы үчүн кармалган.

Ажиев коронавируска каршы күрөшүү үчүн өкмөттүн ачкан эсебине 7 млн сом которгонун билдирген. Бирок соцтүйүндүн колдонуучулары анын иши тууралуу айтып, кескин сынга алышкан. Ага жооп катары Ажиев видео жаздырып, «кыргыз эли, силер “конченный далбоёбсуңар”, бүт алты миллиондун баары!» деп айткан.

Бирок коомдо Ажиевдин кармалганын анын шаардык кеңештин депутаты, парламенттин экс-депутаты Алиярбек Абжалиевдин уулу Темирлан Токобековго даректеп айткан сөздөрү менен байланыштырышкан. 

Абжалиев — экс-президент Сооронбай Жээнбековдун кудасы. Анда Ажиев Токобеков кабылган жол кырсыгын да эскерген. Ал окуяда төрт адам ажал тапкан. Ажиев «жол кырсыгына Токобеков күнөөлүү» деп айткан.

Ажиев бир нече ай ТИЗОдо жатып, кийин психиатриялык ооруканага дарыланууга которулган. Ал жерден 2021-жылы чыккан.

ТЕМА БОЮНЧА:

УКМК: Ири вебкам-студиянын ээси Даниэль Ажиев Өзбекстанда кармалды