Прокуратура: Ош — Баткен — Исфана жолун реконстукциялоодо бюджетке 189 млн сом зыян келтирилген

Ош — Баткен — Исфана унаа жолу. Сүрөт: Башкы прокуратура.

Башкы прокуратура Ош — Баткен — Исфана унаа жолун реконструкциялоодо мамлекетке 189 миллион сомдон ашык зыян келтирилгенин аныктады. Бул тууралуу 7-июнда көзөмөл органдын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 2017-2021-жылдары Транспорт министрлиги жалданма компанияга 20 миллиондон ашык доллар которгон. Бирок министрликтин жооптуу кызматкерлери компания ишти толук аткарбаса да, актыларды кабыл алып, банктык кепилдикти узартпастан жолду мыйзамсыз экслуатацияга беришкен. Натыйжада мамлекет 189 миллион 200 миң сомдон ашык зыян тарткан.

Бул боюнча прокуратура «Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу», «Коммерциялык же башка уюмдардын кызматкерлеринин ыйгарым укуктарын кыянаттык менен пайдалануусу», «Кызматтык жасалмачылык» беренелери менен кылмыш ишин козгоду. Учурда тергөө иштери жүрүүдө.

Буга чейин, 5-июнда прокуратура Транспорт министрлиги Бишкек – Кара-Балта жолун курууда мамлекетке 104 миллион сомдон ашык зыян келтиргенин аныктаган болчу.

Анда да «Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу» жана «Коммерциялык же башка уюмдардын кызматкерлеринин ыйгарым укуктарын кыянаттык менен пайдалануусу» беренеси менен иш козголуп, тергөө иши башталган.

Автору: Айжамал Бексултанова

ТЕМА БОЮНЧА:

Аң. Кыргызстанда жол куруудагы аңгектердин беш даражасы

Прокуратура: Бишкек — Кара-Балта жолун курууда мам