Бишкектеги суу тартыштык: Мэрия сугат үчүн алты жаңы скважинаны бургулай баштады

Бишкек мэриясы шаарда жаңы скважиналар пайда болорун, алардын жардамы менен шаардын кургак жана суусу аз аймактарына суу өткөрүлөрүн билдирди. Баардыгы болуп шаарда 6 жаңы скважина куруп, бургулоо пландалууда.

Скважиналарды бургулоо. Сүрөт: Мэрия Бишкека

Алар төмөнкү даректерде курулат:

  • Профсоюз— Нарвский; 
  • Л.Толстой — Логвиненко; 
  • Жайыл Баатыр — Чортеков; 
  • Ахунбаев — Көк-Жаңгак; 
  • Ауэзов — Анкара; 
  • Теат гүл бакчасы.

Учурда жаңы скважинаны бургулоо иштери Профсоюз көчөсүндө башталды, анын тереңдиги 120 метрди, кубаттуулугу секундасына 65 метр куб суу, бул секундасына 17 литрди түзөт.


Скважинаны бургулоо. Сүрөт: Бишкек мэриясы

«Бул скважина аркылуу Профсоюз көчөсү толугу менен жолдун эки тарабынан тең  сугарылат», — деп билдириштия мэриядан.

Бишкектеги суу маселеси

8-июнда Жогорку Кеңештин тармактык комитети Бишкектеги суу тартыштык көйгөйүн чечүүгө 150 млн сом бөлүп берүүнү колдогон. Буга чейин Бишкектин вице-мэри Жыргалбек Шамыралиев парламент жыйынында калаадагы суу тартыштык көйгөйүн чечүү үчүн 500 млн сомго чукул акча керектигин билдирген. Анын айтымында, каражат жаңы суу топтоочу жайларды куруу үчүн керек. Ал эми 150 млн сомго, вице-мэрдин айтымында, бир суу топтоочу жай курса болот.

Таза суу маселесине байланышкан көйгөй жай келип, күн ысып баштагандан кийин курчуп кеткен. Айрыкча суу тартыштыгы шаардын түштүк бөлүгүндө байкалууда, ал жакта муниципалитет 6-июндан тартып түнкүсүн суу берүүнү токтоткон

7-июнда калаадагы «Арча-Бешик» конушунун тургундары суу өчүрүлүп, жок болуп аткандыктан нааразылык акциясына чыгып, түштүк магистралынын эки тилкесинин бирин тосушкан.

Бийлик суу жеткирүүдөгү көйгөйлөрдү аны керектөөнүн жана абоненттердин саны өскөндүгү, сууну сарамжалсыз пайдалануу, Аламүдүн жана Ала-Арча дайраларында суунун деңгээли төмөн болуп жаткандыгы менен түшүндүрүүдө.

Андан тышкары, мэрия шаардын таза суу системасы аркылуу Чүй облусундагы Сокулук жана Аламүдүн райондорунун 32 айылы дагы суу менен камсыздаларын айтат.

Шаарда суу тартыш болуп жаткан шартта мэрия сууну көп чыгымдаган жеке мончо, унаа жуучу жайларды жана бассейндерди убактылуу жапкан. Ошондой эле муниципалитет жарандарды таза сууну сарамжалдуу пайдаланууга чакырган.

Автору: Жаркынай Сүйүнбекова