Өлкөдө жаңы Аскердик доктринанын бет ачары болду, ал президенттин жеке көзөмөлүндө жазылган

13-июнда Коопсуздук кеңештин жыйынында Аскердик доктринанын жаңы долбоорунун бет ачары болду. Президент Садыр Жапаров доктрина анын жеке көзөмөлүндө иштелип чыкканын билдирди.

Аскердик доктрина эмне үчүн керек?

Кыргызстандын Аскердик доктринасынын азыркы версиясында ал республиканын улуттук кызыкчылыктарын куралдуу коргоо үчүн аскердик курулушта, Куралдуу Күчтөрдү жана башка аскердик түзүлүштөрдү даярдоодо жана колдонууда расмий кабыл алынган көз караштардын системасын түшүндүрөрү айтылат.

Коопсуздук Кеңештин 13-июндагы жыйыны. Сүрөт: Президенттин басма сөз кызматы.

Эмне үчүн жаңысы иштелип чыкты?

Куралдуу күчтөрдүн Башкы штабынын начальниги Эрлис Тердикбаевдин айтымында, жаңы доктрина төмөнкү себептерден улам иштелип чыккан:

  • жаңы Конституция жана өлкөнүн улуттук коопсуздугунун концепциясы кабыл алынгандыктан;
  • мамлекеттик түзүлүш системасы кайра түзүлгөндүктөн;
  • дүйнөдө жана Борбор Азияда аскердик-саясий абал өзгөргөндүктөн;
  • аскердик коопсуздукка каршы коркунучтар көбөйгөндүктөн;
  • аскердик тармакты өнүктүрүүдө жана азыркы коркунучтарга карата жоопко талаптар күчөгөндүктөн улам көйгөйлөр жаралгандыктан.

Доктринанын негизги бөлүктөрү:

  • мамлекетке каршы аскердик кадамдар менен күч-аракеттердин алдын алуу;
  • согуштук саясаттын принциптери, коопсуздукту камсыздоо боюнча милдеттер, согуштук жаңжалдарды жана согуштарды болтурбоо боюнча мамлекеттик чаралар;
  • Аскердик күчтөрдү башкаруунун тартиби, аларды өнүктүрүү үчүн негизги милдеттер;
  • Кыргызстандын мобилизациялык даярдыгы, мобилизациялык даярдыктын негиздери жана аскердик-экономикалык жактан камсыздоо.

Кыргызстандын аскердик саясатынын максаттары:

  • тынч жана туруктуу өнүгүү үчүн шарттарды түзүү;
  • өлкөнүн көз карандысыздыгын жана бүтүндүгүн, мамлекеттик институттарды жана жарандарды аскердик коркунучтардын коргоо;
  • аскердик агрессияга жол бербөө.

Тердикбаев Кыргызстан регионалдык маселелерди аскердик жол менен чечүүнү көздөбөсүн белгиледи.

Талкуу учурунда ТИМдин башчысы Жээнбек Кулубаев иштелип чыккан Аскердик доктринанын долбооруна «тышкы агрессия» түшүнүгүн киргизүүнү сунуштады.

«Бизде 2021 жана 2022-жылдары эмне болгону эсиңиздерде да. Ошондуктан доктринага биздин агрессияга каршы аракеттерибиз киргизилиши керек», — деди ал.

Кулубаевдин айтымында, Аскердик доктринанын долбоорунда аскердик маселелер боюнча эл аралык кызматташуу жөнүндө айтылып, КМШ жана ШКУнун алкагындагы кызматташтык жөнүндө сөз болууда. ТИМдин башчысы өлкө бул уюмдар менен эле чектелип калбоону, башка өлкөлөр менен дагы түздөн-түз кызматташууга мүмкүнчүлүк калтырууну сунуштады.

Кулубаевдин сунушуна президент да макул болду. Жыйындын башында ал «кандай гана чыр-чатак болбосун, аны алдын алууга же бир гана дипломатиялык жол менен чечүүгө болорун» айтты.

«Биз ички жана тышкы саясатта дал ушул принципти карманабыз. Ошол эле учурда, бизге карата куралдуу агрессия көрсөткөндөр болсо, анын кесепетинен жарандарыбыз курман болуп жатса, үйлөрүбүз жана башка инфратүзүмдөрүбүз талкаланып өрттөлүп жатса, биз андайга жөн гана байкоо салып отура албайбыз. Биз кандай гана агрессор болбосун, тиешелүү жооп кайтарууга даярбыз», — деди ал.

Бирок президент «азыркы учурда дүйнө жүзүндө кыйын кырдаал түзүлүп жатканын» белгилеп, «дүйнө жүзүндө болуп жаткан чакырыктар менен коркунучтардын маалында» Кыргызстандын коргонуу жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу өтө маанилүү экенин белгиледи.

Ушул жылдын март айында УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев бийлик өлкөнүн коргонуу жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу үчүн акыркы эки жылда 1 млрд доллар жумшаганын билдирген.

Кыргызстан Баткендин «абасын жабуу» үчүн Беларустан «Печора-2 БМ» мобилдик зениттик-ракеталык комплексинин биринчи партиясын сатып алып келгени белгилүү. Ошондой эле өлкө Түркиянын учкучсуз учуучу «Байрактар ТВ2», «Байрактар Акынжы», «Аксүнгүр» аппараттарын жана башка аскердик техникаларды сатып алган.