«Чет элдик тыңчы» мыйзам долбоорун чакыртып алуу боюнча петиция жана кат марафону башталды

Кыргызстандыктар «чет элдик агенттер» жөнүндөгү мыйзам долбоорун артка чакыртып алуу боюнча Change.org порталындагы петицияга кол топтоп башташты. 

Петициянын алкагында кат марафону да старт алды. Акция уюштуруучулары белгилешкендей, «чет элдик тыңчылар» жөнүндөгү мыйзам долбоору артка чакыртылышы үчүн ар бир каалоочу документтин демилгечилерине кат жолдой алат. Каттар онлайн жана оффлайн форматта чогултулат, марафондун жыйынтыгы менен бардык каттар мыйзам долбоорунун демилгечилерине өткөрүлүп берилет. Катты кантип туура жазуу керектиги боюнча кененирээк бул шилтеме аркылуу өтүңүз. 

Акциянын уюштуруучуларынын айтымында, эгер мыйзам кабыл алынса кадимки жарандык активдүүлүк үчүн дагы кылмыш жоопкерчилиги колдонушу мүмкүн, бул өз кезегинде көз карандысыз медиа, жарандык коом жана сөз эркиндигинин жоголушуна алып келет. Алар мыйзам долбоору бейөкмөт уюмдар иш алып барган саламаттык сактоо жана билим берүү секторлоруна, таза суу жана мамлекеттик тейлөөлөр менен камсыз кылууга, ошондой эле башка секторлорго таасирин тийгизиши мүмкүн деп эсептешет. 

«Биз, Кыргызстандын жарандары, чет элдик өкүлдөр тууралуу мыйзам долбоорун чакыртып алууну талап кылабыз. Биз конституциялык принциптерди жана эл аралык келишимдерди сактоого, ошондой эле Кыргызстанда сөз эркиндигин, көз карандысыз маалымат каражаттарын, коммерциялык эмес уюмдарды жана жарандык коомду коргоого чакырабыз. Биздин өлкө эркин бойдон калуусу зарыл», — деп белгилешти алар. 

Майдын ортосунда Жогорку Кеңешке «чет элдик агенттер» боюнча мыйзам долбоору келип түшкөн. Демилгечилер — 30дан ашык депутат — Орусиянын «чет элдик тыңчы» деген аныктамасынын бир түрүн киргизип, коммерциялык эмес уюмдарга иш жүзүндө аткара алгыс талаптарды койгулары келет. Орусияда бул мыйзам кабыл алынгандан кийин укук коргоочу уюмдар менен көз карандысыз ЖМКнын баары жабылган. 

Мурдараак «Адилет» укуктук клиникасы аталган мыйзам долбооруна комментарий берип, ал адам укуктарын жана өлкөнүн Конституциясын бузарын белгилешкен.

Мыйзам долбоорун Адам укуктары үчүн эл аралык өнөктөштүк (IPHR), Норвегиянын Хелсинки комитети жана Human Rights Watch сыяктуу бир нече эл аралык уюмдар да сынга алышкан. Алар Жогорку Кеңештин депутаттарын «өтө эле репрессиячыл мыйзамды» артка чакыртып алууга чакырышкан. Ушундай эле өтүнүч менен депутаттарга медиа коомчулуктун өкүлдөрү жана жарандык коомдун өкүлдөрү да кайрылышкан

Мыйзам долбооруна сындар айтылып жаткан шартта демилгечи топтун курамындагы бир нече депутат «чет элдик тыңчы» жөнүндөгү мыйзам долбоорундагы колдорун чакыртып алышарын билдиришкен.

Мыйзам долбоорунун негизги демилгечиси депутат Надира Нарматова коммерциялык эмес уюмдар («чет өлкөлүк тыңчылар») жөнүндөгү мыйзам долбоорун чакыртып албасын билдирген.