«Чет элдик тыңчы» жөнүндө мыйзам долбоору 27-июнда ЖКнын комитетинде каралат

Жогорку Кеңештин Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин мүчөлөрү 27-июнда өтө турган жыйындын биринчи окуусунда «чет элдик тыңчы» жөнүндөгү мыйзам долбоорун карашат. Бул тууралуу парламенттин сайтында жарыяланган күн тартибинде айтылат.

Анда депутат Надира Нарматова баяндамачы болуп чыгары белгиленет.

Чуулгандуу мыйзам долбоору

Майдын ортосунда «Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндөгү» мыйзамга жана Жазык кодексине түзөтүүлөр коомдук талкууга чыгарылган. Мыйзам долбоорун парламенттин 30дан ашык депутаты демилгелеген. Алар Кыргызстанда Орусиянын «чет элдик тыңчы» деген аныктамасынын бир түрүн, ошондой эле коммерциялык эмес, бейөкмөт уюмдар жана алардын кызматкерлеринин тигил же бул бузуулары үчүн жоопкерчиликти күчөткөн ченемдерди киргизүүнү каалашат. Орусияда бул мыйзам кабыл алынгандан кийин укук коргоочу уюмдар менен көз карандысыз ЖМКнын дээрлик баары жабылган.

«Адилет» укуктук клиникасы аталган мыйзам долбооруна комментарий берип, ал адам укуктарын жана өлкөнүн Конституциясын бузарын белгилеген.

Мыйзам долбоорун Адам укуктары үчүн эл аралык өнөктөштүк (IPHR), Норвегиянын Хелсинки комитети жана Human Rights Watch сыяктуу бир нече эл аралык уюмдар да сынга алышкан. Алар Жогорку Кеңештин депутаттарын «өтө эле репрессиячыл мыйзамды» артка чакыртып алууга чакырышкан. Ушундай эле өтүнүч менен депутаттарга медиа коомчулуктун өкүлдөрү жана жарандык коомдун өкүлдөрү да кайрылышкан.

Мыйзам долбооруна сындар айтылып жаткан шартта демилгечи топтун курамындагы бир нече депутат «чет элдик тыңчы» жөнүндөгү мыйзам долбоорундагы колдорун чакыртып алышарын билдиришкен. Демилгечи топтун курамынан Эмил Токтошев, Эмил Жамгырчиев жана Бактыбек Чойбеков чыгып кеткен.

Юрист Таттыбүбү Эргешбаеванын айтымында, депутаттар Таалайбек Сабиров, Таалайбек Сарыбашов жана Мейкинбек Абдалиев дагы мыйзам долбоорундагы колдорун артка чакыртып, демилгечи топтон чыгышкан. Мындан тышкары, демилгечилердин курамынан депутат Шайлообек Атазов дагы чыкканын билдирген.

Мыйзам долбоорунун негизги демилгечиси депутат Надира Нарматова коммерциялык эмес уюмдар («чет өлкөлүк тыңчылар») жөнүндөгү мыйзам долбоорун чакыртып албасын билдирген.

Башкы беттеги сүрөт: RFE/RL.