Кыргызстан Ооганстанга гуманитардык жардам катары дары-дармек жөнөттү

Кыргызстан Ооганстанга атайын борт менен дары-дармек түрүндөгү гуманитардык жардам жеткирди. Бул тууралуу 24-июнда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, гумжарды жеткирүү буйругу УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев тарабынан берилди. Бирок жардам үчүн каражат кайдан бөлүнгөнү жана канча акча жумшалганы ачыкталган жок.

«Өз кезегинде ооган тарап көрсөткөн жардамы жана бир туугандык колдоосу үчүн кыргыз элине ыраазычылык билдирди», —деп айтылат атайын кызматтын маалыматында.

2021-жылдын августунда Ооганстандын бийлиги «Талибан*» кыймылынын колуна өткөн. Анда кыймылдын жоочулары Кабул шаарын басып кирип, ооган президенти Ашраф Гани өлкөдөн чыгып кеткен.

*«Талибан» — радикалдуу ислам кыймылы, ага Кыргызстанда жана бир катар дүйнө мамлекеттеринде тыюу салынган жана террористтик деп табылган.

Ошол жылы Кыргызстан «Талибдер» дайындаган өкмөт менен жолугушуу өткөргөн Борбор Азиядагы биринчи өлкө болгон. Анда Коопсуздук кеңешинин ошол кездеги төрага орун басары Таалатбек Масадыков талибдер дайындаган тышкы иштер министринин милдетин аткаруучусу Амир Хан Муттаки менен жолуккан.

Кийинчерээк Масадыков Ооганстанга президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен барганы белгилүү болгон. Кыргыз делегациясы Кабулга ооган эли үчүн гуманитардык жардам жеткирип барганын кошумчалаган.

Андан көп өтпөй экс-президент Роза Отунбаеваны БУУнун Ооганстан боюнча атайын өкүлү жана Ооганстанга жардам көрсөтүү боюнча миссиясынын башчысы болуп дайындалган.