Каза болгон прокурорлордун үй-бүлөсүнө төлөнүүчү кенемтени азайткан мыйзам долбоору кабыл алынды

Жогорку Кеңештин депутаттары 29-июндагы жыйында дароо экинчи жана үчүнчү окууда «Прокуратура жөнүндөгү» конституциялык мыйзамга өзгөртүүлөрдү кабыл алышты. Бул мыйзам аркылуу иш учурунда курман болгон прокуратура кызматкерлеринин үй-бүлөсүнө төлөнүүчү кенемтенин өлчөмүн кыскартуу сунушталып жатат.

Мыйзам долбооруна экинчи окууда 71 депутат, үчүнчү окууда — 68 эл өкүлү добуш берди. Эки окууда тең мыйзам долбооруна каршы эч ким добуш берген жок.

Мыйзам долбоору менен прокуратура органдарынын кызматкерлери каза тапса акыркы кызмат орду боюнча орточо жылдык эмгек акысынын эсебинен 20 жылдык эмгек акы өлчөмүндө кенемте төлөө сунушталууда — бул болжолдуу 1,5 млн сом.

Колдонуудагы мыйзамга ылайык, каза тапкан прокурорлордун үй-бүлөсүнө маркумдун 20 жылдык орточо эмгек акысынын өлчөмүндө бир жолку жөлөк пул төлөнөт — 21 миллион сом.

Быйыл май айынын ортосунда өткөн жылы кызмат учурунда каза тапкан Жалал-Абад облусунун Чаткал районунун прокурорунун үй-бүлөсүнө 21 млн 699 миң сом өлчөмүндө бир жолу төлөнүүчү кенемте төлөө маселеси талкууланган. 

Кенемтенин өлчөмү кээ бир депутаттарды таң калтырган. Эл өкүлдөрү прокурорлор менен сот органдары «мыйзамды өздөрүнө ашыкча эле тууралап алган» жана «бул мыйзам боюнча прокурор болуп өлгүң келет экен» деп белгилешкен.

Бул маселе соцтүйүндөрдө да талкууланган. Маселе кызуу талкууланып жаткан шартта президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев өлкө башчысы Садыр Жапаров «кенемтенин суммасы бюджетке оорчулук келтирбей тургандай жана укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин үй бүлөлөрүнө колдоо болгудай кылып мыйзамдарга тийиштүү өзгөртүүлөрдү киргизүү» тапшырмасын бергенин билдирген