Орунбеков Кыргызстанда сөз эркиндигинин жана медиа өкүлдөрүнүн орду «жогору» экенин айтты

Президенттин администрациясынын басма сөз кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков ЕККУнун жалпыга маалымдоо каражаттарынын эркиндиги маселелери боюнча өкүлү Тереза Рибейро менен жолугушту.

Жолугушууда Кыргызстандын медиа тармагында болуп жаткан акыркы өзгөрүүлөр туурасында пикир алмашуу болду. Рибейро өлкөдөгү «ЖМК жөнүндө» мыйзам долбоору менен учурда таанышып жатканын жана анын жыйынтыгында сунуштарын бере турганын билдирди.

Ал эми Орунбеков «“ЖМК жөнүндө” мыйзамга өзгөртүү киргизүү учурдун талабы экенин, маалымат таркатуу принциптери жана медиа ресурстарынын өзгөргөнүн, мыйзамдагы өзгөрүүлөр улуттук кызыкчылыктарды эске аларын» белгиледи

«Мыйзам долбоору беш жолу толукталды, жумушчу топ түзүлүп, анын басымдуу бөлүгүн медиа өкүлдөрү түздү. Алардын сунуштары дагы эске алынды. Бул Кыргызстанда сөз эркиндиги, медиа өкүлдөрүнүн орду жогору экенинен кабар берет» — деди Орунбеков.

ЖМК жөнүндө мыйзам долбоору

Президенттик администрация 2022-жылдын сентябрында «ЖМК жөнүндө» мыйзам долбоорун иштеп чыгып коомдук талкууга чыгарган. Укук коргоочулар мыйзам долбоору сөз эркиндигин чектейт деп белгилеп келишет.

Медиа Полиси Институтунун эксперттери президенттик аппарат жаңы мыйзамдын жардамы менен «бийликке жакпаган веб-сайттарды жоюуну» каалайт деп эсептешет.
«Адилет» укуктук клиникасы дагы жаңы мыйзам долбоору мамлекетке «ЖМКнын ишине аралашууга жана аны жөнгө салууга негизсиз эле олчойгон мүмкүнчүлүктөрдү берет» деген бүтүмгө келген.

Юристтеридин пикиринде, ушул версиядагы мыйзам долбоору «ар бир демократиялык коомдун ажырагыс бөлүгү эсептелген ой-пикир түрдүүлүгүнө катаал чектөөлөрдү орнотууга» багытталган.

Кийинчерээк президент Садыр Жапаров жумушту топ түзүп, мыйзамды толуктап иштеп чыгууну тапшырган. Мыйзам долбоорунун толукталган вариантында популярдуу блогерлер да каттоодон өтүүгө милдеттүү экени, ошондой эле аларга ЖМКнын милдеттери жүктөлөрү айтылган.

Ал эми көз карандысыз юристтер мыйзам долбоору сөз эркиндигине коркунуч жаратат деп баалашкан. Алар ЖМК жөнүндөгү мыйзамдын жаңы редакциясы мурункуга салыштырмалуу катаалдашып кеткенин айтып нааразы болушкан. Кийинчерээк бул норма алынып, мыйзам долбоорун иштеп чыгуунун мөөнөтү 15-майга чейин узартылган.

«Клооп» аталган долбоорду изилдеп чыгып, ал Орусиянын ЖМК тууралуу «ажыдаар» мыйзамына 95% окшош экенине, ал тургай, катаал дагы экенине ынанган.

ТЕМА БОЮНЧА:

Ооз жапмай. ЖМК жөнүндө жаңы мыйзам цензурага алып барат