Ош: Чоң-Алай районунун Тажикстан менен чектеш айылдарына өзгөчө макам берилди

Сүрөт: Чоң-Алай райондук администрациясы

Ош облусунун Чоң-Алай районунун бардык айылдары өзгөчө макамы бар чек ара аймактарынын тизмесине кирди. Бул тууралуу райондун администрациясы 5-июлда фейсбук барагында кабарлаган.

Маалыматка ылайык, Чоң-Алай району бул макамды министрлер кабинетинин 23-июнда кабыл алынган «Кыргызстандын айрым чек ара аймактарына өзгөчө статус берүү жана аларды өнүктүрүү жөнүндө» токтому боюнча алган.

Чоң-Алай райондук администрациясынан алыскы район Тажикстан менен чектешип, климаттык шарты катаал болуп, «көптөгөн кыйынчылыктарды башынан өткөргөнүн белгилеп кетишти.

«Айрыкча акыркы жылдары Тажикстан менен чек ара көйгөйлөрү жаралып келген. Район эли көп жылдардан бери чек ара макамын алууну самап келген. Жалпы район чек ара макамын албаса да, Жекенди айыл өкмөтүнө чек ара макамы болсо деген талабын айтып келишкен», – деп айтылат райадминистрациясынын билдирүүсүндө.

Токтомго ылайык өлкө боюнча жалпы чек ара аймактарындагы 132 айыл жана 10 участок өзгөчө макамга ээ. Алардын ичинде Баткен облусунун Лейлек, Баткен, Кадамжай, Жалал-Абад облусунун Аксы, Чаткал, Ала-Бука, Ош облусунун Кара-Суу, Ысык-Көл облусунун Ак-Суу, Жети-Өгүз, Түп, Талас облусунун Айтматов райондорундагы айылдар жана участоктор бар.

Чоң-Алай районунун Жекенди айыл өкмөтүндө акыркы жолу абал 2022-жылы сентябрда кыргыз-тажик чек ара жаңжалында курчуп кеткен. 17-сентябрда тажик тарап Тешик-Таш, Карамык жана Кароол-Дөбө айылдарындагы кыргыз чек арачыларынын позицияларын миномёттон жана артиллериялык түзүлүштөрдөн аткылаганы кабарланган. 

ӨКМ аймактан 5 миңден ашык адам эвакуацияланганын билдирген.

ТЕМА БОЮНЧА:

ӨКМ: Чоң-Алайдын беш миңден ашуун тургуну эвакуацияланды

Ош: Чоң-Алай районунда жаандан 10 турак үй жана 15 мал сарай жабыркады

Чоң-Алай: Тажикстан Унжу-Булакка орноткон контейнерлерин алып кетти