Чоң-Алай: Тажикстан Унжу-Булакка орноткон контейнерлерин алып кетти

Тажикстан орноткон контейнерлер

УКМКнын Чек ара кызматы 6-июнда Ош облусунун Чоң-Алай районундагы кыргыз-тажик чек арасында абал туруктуу экенин жана чек арачылар кадимки тартипте иштеп жатканын кабарлады.

Тажикстан мындан эки күн мурун орноткон контейнерлерди кайра алып кетти. Бул тууралуу видео социалдык тармактарга жарыяланды.

Буга чейин тажик тарап Унжу-Булакка орнотулган контейнерлерди чек ара күзөтү болоорун, ал протоколдук келишимдин негизинде жайгаштырылганын билдирген болчу. Ошондой эле, Тажикстандын тиешелүү органдары аталган чек ара күзөтү паритет принцибине ылайык коюлду деп белгилешкен. Мындан сырткары, Тажикстандын аскерлери 600 метрге жылып келишкен.

Ошол күнү эле [4-июнда — ред.] окуя болгон жерге УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев менен жумушчу топ барган. Ташиев жергиликтүү тургундар менен жолугушууда аталган аймак тактала электигин жана тажик тарап жерлерди өздөштүрүүгө аракет кылып жатканын билдирген.

УКМКнын чек ара кызматы абал «чыңалуу» экенин маалымдап, кайра саат 14:00гө турукташа баштаганын билдирген. Андан соң Өзгөчө кырдаалдар министрлиги чек арага жакын жайгашкан айылдардын жашоочуларын коопсуз аймакка эвакуациялаган.

Кийинчерек эки өлкөнүн Тышкы иштер министрликтери бири-бирине нааразычылык нотасын тапшырышкан.

Ташиев тажикстандык кесиптеши Саймумин Ятимов менен Чоң-Алай районунда жолугушуп, 5-июнда чек арадагы окуяга байланыштуу биргелешкен билдирүү кабыл алышкан. Анда эки тарап тең чек ара постторун өзүнүн аймагына карай 3 километрге жылдырууну макулдашып, аскерлерди жана техникаларды мурунку ордуна кайтаруу чечимин кабыл алышкан.