ӨКМ: Чоң-Алайдын беш миңден ашуун тургуну эвакуацияланды

Ош облусунун Чоң-Алай районунун Жекенди айыл аймагынан жалпы 5034 адам эвакуацияланды. Бул тууралуу 17-сентябрда ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.

Ошондой эле Чек ара кызматынын 17-сентябрь саат 14:20га карата маалыматына ылайык, тажик тарап Чоң-Алай районунун Тешик-Таш, Карамык жана Кароол-Дөбө айылдарындагы кыргыз чек арачыларынын позицияларын миномёттон жана артиллериялык түзүлүштөрдөн аткылоону токтоткон.

Тажик тараптан Чоң-Алай районунун аймагына ок атуулар 17-сентябрда саат 12:30 чамасында башталган.

Кыргыз-тажик чек арасындагы атышуунун кесепетинен жарадар болгондордун саны 121ге жетти. Саламаттык сактоо министрлиги алардын абалы тууралуу азырынча маалымат берген жок.

Буга чейин атышуунун кесепетинен 24 кыргызстандык каза болгону айтылган.

Чек арадагы атышуу

Кыргыз-тажик чек арасындагы ок атышуу 14-сентябрда башталган. Анда, кыргыз Чек ара кызматырын маалыматы боюнча, Баткен облусунун үч аймагында Кыргызстан тарапка ок атылган.

15-сентябрь күнү Чек ара кызматынан кыргыз-тажик чек арасындагы абал «салыштырмалуу туруктуу» деп мүнөздөлүп жатканын, ал эми түн тынч өткөнүн билдиришкен.

Бирок 16-сентябрда Чек ара кызматы тажик тарап чек аранын бардык аймактарындагы аскердик жана жарандык объектилерге кол салганын айткан. Тажик тарап оор аскердик техникаларды колдонгону белгиленген. УКМК Тажикстан Кыргызстандын аймагын басып алууну көздөп жатканын билдирген.

Баткен районундагы чек арага чектеш айылдардын жашоочулары үйлөрүн таштап, коопсуз аймактарга чыгып кетишкен. ӨКМдин маалыматына ылайык, 136 миңден ашык адам эвакуацияланды.

Ал арада активисттер Бишкектеги Ак үйдүн алдына митинг уюштурушту. Ошондой эле Бишкек жана Ош шаарында Баткен элин колдоо максатында гуманитардык жардам чогултуучу жайлар ачылды.

Кыргызстан менен Тажикстандын атайын кызматтары куралдуу кагылышууга бири-бирин күнөөлөп жатат.

Тема боюнча:

Кыргыз-тажик чек арасында эмне болуп жатат? Хронология

Чек ара кызматы: Тажик тарап келишимди бузуп, кайрадан ок чыгарууда

Чек арадагы атышуунун кесепетинен 24 киши каза таап, 103 адам жарадар болду