Ош: Гүлбаар айылынын тургундары арыктан суу ичүүгө аргасыз

Ош облусунун Гүлбаар айылында 15 миңден ашык тургун арыктан кир суу ичүүгө аргасыз. Ушул эле арыктан мал-жандык да суу ичет, чет-чекебелинде үй-жаныбарлар өлүп калган учурлар да кездешет. Мунун баары түрдүү жугуштуу оорулардын чыгышына алып келүүдө. 

«Мен ушул Гүлбаар айылында туулуп, өстүм. 52 жашка чыксам, 52 жылдан бери ушул алыштан суу ичебиз. Эртең менен тунук кезинде толтуруп алабыз. Түштөн кийин ушинтип кирдейт, өрдөктөр жүрөт, бала-чакабыз жуунат», — дейт айыл тургуну Үмүт Келимбаева.

2018-жылы бийлик демөөрчүлөрдүн акчасы менен айылга суу тартып берүүгө аракет кылган, бирок ал ичкенге жараксыз болуп чыккан. Эми бийлик Бүткүл Дүйнөлүк банктын акчасына кайра баштан суу тартып берүүнү көздөп жатат. Алар «акча даяр» дегени менен айыл дагы деле таза суусу жок отурат.

ТЕМА БОЮНЧА:

Сиздин айылда качан таза суу чыгат? «Ашардын» картасынан көрсөңүз болот

Эгерде сиз жашаган жерде таза суу көйгөйү болсо бизге билдириңиз!