«Президент күтүүсүз текшерди». Мамлекеттик цирктин имараты реконструкцияланат

Президент Садыр Жапаров Абубакир Изибаев атындагы мамлекеттик циркти капиталдык реконструкциядан өткөрүүнү тапшырды. Бул тууралуу 8-июлда өлкө башчынын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, Жапаров циркти күтүүсүз текшерип барды. Ал имараттын абалы, жумушчуларга түзүлгөн шарттар менен таанышты. 

Өлкө башчысы кызматкерлер менен баарлашып, циркти реконструкциялоо долбоору иштелип чыкканын белгиледи. Анын айтымында, жакында керектүү каражат бөлүнүп, оңдоо иштери башталат.

Цирктин директорлук кызматы бир айдан бери бош турат — Фархад Бекманбетов өткөн айда өз каалоосу менен иштен кеткен. Маданият министри Алтынбек Максутов жетекчилик кызматка конкурстук тандоо өтүп жатканын билдирди.

Буга байланыштуу Жапаров чыгармачыл жамаатты биримдиктүү болууга жана цирк өнөрүн өнүктүрүү үчүн бирге умтулууга жана топтолгон маселелерди чечүүгө жардам берүүгө чакырды.

Кыргыз циркиндеги чуу

Үстүбүздөгү жылдын 10-апрелинде мамлекеттик цирктин артисти Асланайым Аширова мекемедеги жаныбарлар кароосуз калганын айтып чыккан. Ал жаныбарлар «цирктин короосунда кызматкерлер менен артисттерге кол салышы ыктымал экенин» белгилеген. Ошондой эле кызматкерлерге шарттар түзүлбөгөнү кабарланган.

Аширова буга чейин цирктин директору мекеменин короосунда көк бөрүгө чабылган өзүнө таандык аттарды бактырып келгенин билдирген. Анын айткандарын цирктин мурдагы көркөм жетекчиси, гимнаст жана жаачы Аида Акматова дагы ырастаган.

Ал эми цирктин директору Фархад Бекманбетов мекеменин жаныбарлары кароосуз, ачка калууда деген маалыматты төгүндөгөн. Ал Ашированы «провокатор» деп атаган.

Көп өтпөй Цирктеги маселенин фонунда депутат Жанар Акаев Кыргызстандагы «зоопарктарды жабууну жана жаныбарларды цирктеги оюн-зоокторго катыштырууга тыюу салууну» сунуштаган. Бирок парламент анын долбоорун «актуалдуу эмес» деген жүйө менен четке каккан.

Кийинчерээк цирктин абалы боюнча Бишкек шаардык кеңешинин «Социал-Демократтар» партиясы прокурор менен маданият министрине билдирүү жолдогон. Алар мекемени текшерүүнү, циркке кызматына төп келген жетекчи дайындоону жана ал жерде иштегендерге шарт түзүп берүүнү талап кылышкан.

Кыргыз цирки 1962-жылы түзүлсө, ал эми анын Бишкек шаарындагы имараты 1976-жылы пайдаланууга берилген. Анда 130дай киши иштейт, анын 40ка жакынын чыгармачыл жамааттын өкүлдөрү түзөт.

ТЕМА БОЮНЧА:

Мамлекеттик цирктин директору Фархад Бекманбетов өз каалоосу менен иштен кетти