Ош: Тамактануучу жайда газ баллон жарылып, бир адам каза тапты

9-июлда Ош шаарынын Мамыров көчөсүндөгү тамактануучу жайлардын биринде газ баллон жарылып, бир адам каза тапты. Бул тууралуу Ош ШИИБден билдиришти.

Маалыматка караганда, кырсык саат 16:00 чамасында катталган. Жарылуудан 36 жаштагы киши каза тапкан. 

Милиция күбөлөрдү суракка алып, тиешелүү экспертизалар дайындалды.

Учурда кырсыктын келип чыгуу себеби иликтенип жатат. 

Башкы беттеги иллюстративдик сүрөт интернеттен алынды.

ТЕМА БОЮНЧА:

Каракол: Тез татым жайында газ баллон жарылып 20 жашар кыз каза тапты

Таласта тез татым жайында газ баллон жарылып, 11 киши жаракат алды