Теңгиз Бөлтүрүк 10-августка чейин үй камагында калды

Бишкектин Октябрь райондук соту «Кумтөрдүн» мурдагы тышкы башкаруучусу Тенгиз Бөлтүрүктүн үй камагынын мөөнөтүн узартты. Бул тууралуу «Клоопко» соттун басма сөз кызматы билдирди.

Соттун маалыматына ылайык, Бөлтүрүк 2023-жылдын 10-августуна чейин үй камагында калды. Чечим 4-июлда кабыл алынган.

Бөлтүрүктүн баш коргоо чарасы 30-апрелде үй камагына өзгөртүлгөн.

«Кумтөрдүн» жетекчилигинин кармалышы

Тенгиз Бөлтүрүк «Кумтөр Голд Компанини» 2021-жылдын 17-майынан тарта жетектеген — дал ушул күнү бийлик кенге сырткы башкаруу киргизген. 2022-жылдын 24-августунда минкаб Бөлтүрүк «Кумтөрдүн» тышкы башкаруучусу кызматынан четтетилгенин кабарлаган. Бул Эсептөө палатасы кендин ишинде каржылык бузууларды аныктагандан кийин болгон.

Бөлтүрүк 2022-жылдын сентябрында кармалган. Бул Башкы прокуратура кендин ишин текшерүүнүн жыйынтыгы менен үч кылмыш ишин козгогондон кийин болгон. Тергөөнүн версиясы боюнча, компания мамлекетке 1 млрд доллардан ашык зыян келтирген. Бөлтүрүк менен кошо камсыздоо боюнча адис Айша-Гүл Фронтбек кызы Жаналиева, каржы башкармалыгынын башчысы Рыспек Токтогулов жана компаниянын аткаруучу директору Канат Курманов кармалган.

Март айынын ортосунда башкы прокурордун орун басары Үмүткан Конкубаева «Кумтөрдөгү» коррупция иши боюнча кармалгандар жалпы келтирилген 1 млрд 146 млн сом зыяндын 642 млн сомун төлөп беришкенин билдирген.