«Кумтөрдүн» мурдагы тышкы башкаруучусу Тенгиз Бөлтүрүк үй камагына чыкты

Бишкектин Октябрь райондук соту «Кумтөрдүн» мурдагы тышкы башкаруучусу Тенгиз Бөлтүрүктү үй камагына чыгарды. Бул тууралуу 30-апрелде «Клоопко» райондук соттон билдиришти.

Маалыматка караганда, сот прокуратуранын өтүнүчүн канааттандырып, Бөлтүрүктүн бөгөт чарасын үй камагына өзгөрттү.

Бөлтүрүктүн иши боюнча соттун акыркы отурумунда ал 10-майга чейин камакта калтырылган.

Тенгиз Бөлтүрүк «Кумтөр Голд Компанини» 2021-жылдын 17-майынан тарта жетектеген — дал ушул күнү бийлик кенге сырткы башкаруу киргизген.

2022-жылдын 24-августунда минкаб Бөлтүрүк «Кумтөрдүн» тышкы башкаруучусу кызматынан четтетилгенин кабарлаган. Бул Эсептөө палатасы кендин ишинде каржылык бузууларды аныктагандан кийин болгон.

Өткөн жылдын 13-сентябрында Башкы прокуратура Кумтөр кенин иштеткен «Кумтөр Голд Компанинин» ишин текшерүүнүн жыйынтыгында үч кылмыш иши козголгонун кабарлаган. Компания мамлекетке 1 млрд доллардай зыян келтиргени айтылган.

Ошол эле күнү кечинде Башкы прокуратуранын Тергөө башкармалыгы Тенгиз Бөлтүрүк менен жетекчиликтин эки өкүлүн кармаган.

Бөлтүрүк болсо өзүнө каршы козголгон кылмыш ишин «абсурд» деп атап, кол алдындагылардын баары үчүн жооп бере албасын билдирген.

Үстүбүздөгү жылы 27-февралда Тенгиз Бөлтүрүк ишканадагы коррупцияны жоё албаганы үчүн президент Садыр Жапаровдон кечирим сурап, ырайым кылууну өтүнүп кат жазган. Ал зарыл болсо Канадага кетүүгө даяр экенин белгилеген.