Баткен: Активист Көк-Ташта аялдардын футбол турнирин өткөрүүгө салым кошууга чакырат

2022-жылы өткөн турнир. Сүрөт: «Убада Баткен»

2-августта Баткендин чек арага чектеш Көк-Таш айылында 3-жолку аялдар арасындагы футбол турнири өтөт. Анын уюштуруучусу, активист жана укук коргоочу Гази Бабаярова турнирди өткөрүүгө салым кошууга чакырды.

«Быйыл турнирди жылдагыдан күчтүүрөк кылайын деп жатабыз. Аялдарга атайын формаларды жана бут кийим сатып берип, тамак-аш уюштурууга мүмкүнчүлүк болуп калса дегенбиз. Эгер колуңуздардан келсе жардам бериңиздер. Рахмат!» — деди ал.

Бабаярова бул саамалыкты төрт жылдан бери өткөрүп келет. Ал муну чек арада жашаган түйшүгү көп аялдарды колдоо максатында ишке ашырууда.

Быйылкы турнирге көкташтык айымдар машыгууну баштап, даярдык кызуу жүрүп жатат.

Иш-чарага төмөнкү реквизиттер аркылуу салымыңызды кошсоңуз болот:

Mbusiness: 1032020000142364

Mbank: 0222 163 626

PayPal: babayarovag@seznam.cz

Чек арага чектеш айылдардын жашоочулары ар дайым чыңалууда жашашат. Буга чек аранын аныкталбаган тилкелериндеги суу, жер ресурстарын пайдалануу, чек арадан мыйзамсыз өтүүгө байланышкан чырдан улам келип чыккан байма-бай кагылышуулар себеп.

Акыркы ири куралдуу жаңжал өткөн жылдын сентябрында болгон. Анда Кыргызстандын 63 жараны курман болуп, 200дөн ашык адам ар кандай жаракаттарды алган. 140 миңге жакын адам үйлөрүн таштап качууга аргасыз болуп, жүздөгөн үй-бүлө башпаанексиз калган.

Үйлөр кечигүү менен, июнь айында гана толук бүтүп пайдаланууга берилген. Жалпысынан куралдуу жаңжалда Кыргызстанга келтирилген материалдык чыгымдын суммасы 3 млрд 130 млн сом деп бааланган.

Ал эми 2021-жылдагы куралдуу жаңжал 36 кыргызстандыктын өмүрүн алган.

ТЕМА БОЮНЧА:

Баткен: Көк-Таш айылында аялдар арасында футбол боюнча турнир өттү