Баткен: Чек арадагы куралдуу жаңжалда бузулган үйлөрдүн 416сы курулуп бүттү

Баткен облусунда 2022-жылдын сентябрында кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу жаңжалда талкаланган үйлөрдүн 416сы курулуп бүттү. Бул тууралуу 15-июнда Минкабдын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, үйлөр курулуп бүткөн Лейлек районуна төрага Акылбек Жапаров келген. Ведомстводон жалпысынан 417 үй жабыркаганын, калган бир үй эки күндүн ичинде курулуп бүтөрүн убадалашты. 

Турак үйлөрдү курууга бийлик жалпысынан 1,3 млрд сом бөлгөнү айтылды. 

Башында бийлик чек ара жаңжалында жабыркаган үйлөрдүн курулушун 2022-жылы кышка чейин эле салып берүүнү убадалаган, бирок андай болгон эмес. Кийинчерээк үйлөрдү пайдаланууга берүү мөөнөтү бир канча жолу артка жылдырылган, мурдараак минкабдын башчысы Акылбек Жапаров бардык үйлөр март айында курулуп бүтөт деп ишендирген.

Бирок, 14-апрелде, бийлик курулушу бүтө элек 78 үйдү быйыл 1-майга чейин салып бүтүүнү убадалаган болчу.

Баткенди калыбына келтирүүнүн жай темпи

2022-жылы 14-17-сентябрындагы кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу жаңжалда Кыргызстандын 63 жараны курман болуп, 200дөн ашык адам ар кандай жаракаттарды алган. 140 миңге жакын адам үйлөрүн таштап качууга аргасыз болуп, жүздөгөн үй-бүлө башпаанексиз калган.

Үстүбүздөгү жылдын февраль айына карата маалымат боюнча, жаңжалда кыйраган 332 үй жаңыдан курулуп, колдонууга берилген. Калган 86 үйдүн курулушу марттын аягында бүтмөй болгон.

Кийинчерээк, 11-майда, чек ара аймактарын калыбына келтирүүдө курулуш материалдарын саткан ишкерлер облустук администрациянын алдына нааразычылык акциясына чыгышкан. Ишкерлер курулуш компанияларынын өкүлдөрүнө курулуш материалдарын жана азык түлүктөрдү насыяга берип, акчасын ала албай жатышканын билдиришкен.

Облустук администрациянын өкүлү ишкерлер менен жолугуп, алардын арызы укук коргоо органдарына өткөрүлүп, териштирүү иштери башталганын айткан.

Жалпысынан куралдуу жаңжалда Кыргызстанга келтирилген материалдык чыгымдын суммасы 3 млрд 130 млн сом деп бааланган.

ТЕМА БОЮНЧА:

Баткенди калыбына келтирүү: Насыясын өндүрө албаган ишкерлер нааразычылык акциясына чыгышты

«Эки айдан бери уста жок». Баткендеги үйлөрдү куруучу компания усталарга эмгек акысын төлөбөй жатат