Астана соту Викрам Рузахуновдун казак ИИМне каршы доосун колдоодон баш тартты

Астана шаардык соту кыргызстандык жаз музыкант Викрам Рузахуновдун апелляциялык арызын канааттандыруудан баш тартты. Бул тууралуу Рузахунов Инстаграм барагында билдирди.

Муну менен шаардык сот Астананын Алматы райондук сотунун чечимин күчүндө калтырды, райондук сот май айынын аягында Рузахуновдун Казакстандын ИИМне карата ар-намыс жана кадыр баркын коргоо боюнча доосун канааттандыруудан баш тарткан болчу. Анда Рузахуновдун жактоочулары мекемеден жазмендин алдында расмий кечирим суроону талап кылган.

Музыканттын айтымында, сот отуруму 12-июлда өткөн. Ал ага WhatsApp аркылуу онлайн катышкан.

Рузахунов билдиргендей, адвокаты сот отурумун видеоконференциялардын Zoom тиркемеси аркылуу өткөрүүнү суранган, бирок сот «техникалык мүмкүнчүлүк жок» деп андан баш тарткан. Натыйжада отурумга «Кадыр-Касиет» укук коргоо уюмунун байкоочулары катыша албай калган.

Ошондой эле Рузахуновдун адвокаты соттон Казакстандын ИИМинин маалыматтар базасына кире алган, 2022-жылы жазмен тартылган видеону таратууга тиешеси бар тараптарды аныктоого көмөктөшүүсүн сураган. Ал убакта Казакстандын айрым шаарларында башаламандыктар болуп, расмий телеканалдардын биринде Рузахуновдун (аны Закир Убуров деп тааныштырышкан) Алматыга акча алып массалык башаламандыкка катышканы келдим деп «күнөөнү мойнуна алган» видеосу көрсөтүлгөн.

Көп өтпөй кыргызстандык кыйноого алынып, камерага өзү тууралуу жалган айтууга мажбурланганы белгилүү болгон. Алматы райондук сотунун отурумунда Казакстандын ИИМи жазмен тартылган видео Министрликтин ички тармагы аркылуу келип түшкөнүн тастыктаган, бирок мекеме видео телеканалга кантип кетип калганын айта алган эмес.

«Адвокат Рузахунов тартылган чындыкка дал келбеген видеону дүйнө жүзүнө таратуу менен аны басынтууга эле эмес, арыз ээсин кемсинтүүгө жол берилгенин белгиледи», — деп жазды жазмен.

Казакстандын ИИМнин өкүлдөрү өз кезегинде доогер тарап «жетишээрлик далилдерди көрсөтпөгөндүктөн» биринчи инстанциянын чечимин күчүндө калтырууну сурашты. Жыйынтыгында шаардык сот биринчи инстанциядагы соттун чечимин өзгөртүүсүз калтырды.

Рузахуновдун кармалышы

Коңшу Казакстанда 2022-жылы январдын башында нааразылык акциялары өткөн. Анда «Хабар 24» телеканалында 9-январь күнү бети-башы көгала, өзүн жумушсуз кыргызмын деп тааныштырып, 200 доллар үчүн башаламандыктарга катышканын айтып берген адамды көрсөтүшкөн.

Кыргызстандагылар ал музыкант Викрам Рузахунов экенин таанып калып чуу чыгарышкан соң музыкант 10-январь күнү мекенине кайтарылган.

Бир айдан кийин музыкант кармалган учурда кыйноого алынып, кабыргаларын сындырып, видеого жаздырылган сөздөрдү күчкө салып жаттатышканын айтып берген.

«Жөн жерден эле кармалган жүздөгөн адамдын арасынан мени тандап, сөздөрдү жаттатып, камерага айтууга мажбурлаган адамга рахмат айтам», — деп белгилеген ал.

Рузахуновду кыйноо иши боюнча кылмыш иши 10-февралда козголгон. Сентябрда музыкант Казакстандын Антикоррупциялык кызматынын чакыруусу менен жабырлануучу катары тергөөгө катышуу үчүн коңшу мамлекетке барып келген.

«Мага карата кыйноо жасалганы боюнча кылмыш иши 2022-жылдын 10-февралында эле козголгон, ошондон бери кыйноого тиешеси барлар табылбай жатат экен. 8 айдын ичинде бийлик бир дагы оъективдүү иликтөө жүргүзбөдү. Ал тургай алар кыйноого кабылгандар таанып берген күч органдарынын кызматкерлерин да шектүү деп таппай жатышат, кыйноонун далилдерин болсо жабырлануучулар менен адвокаттарга бербей туруп эле жок кылып жатышат», — деп жазган музыкант.

Рузахунов аны «өлтүрүүгө аракет кылган» полиция департаментинин жетекчисин жана «камакта кезинде уруп-сабап» суракка алгандарды жоопко тартуу керек деп эсептейт.