«ПолитКлиника»: УТРКнын ар бир жетинчи жаңылыгы президент Садыр Жапаровго арналган  

УТРК мамлекеттик телеканалынын сайтындагы ар бир жетинчи жаңылык президент Садыр Жапаровго арналган. Мындай тыянакты телеканалдын 1-апрелден тартып 24-майга чейинки контентин талдап чыккан «ПолитКлиника» медиасынын журналисттери чыгарды.
 
«ПолитКлиника» бийлик журналисттерден «позитивдүү жаңылыктарды» жарыялагыла деп бир нече жолу суранганын эске салды. Басылманын тыянагына ылайык, УТРКнын журналисттери бул сунушка баш ийишкен өңдөнөт. Телеканалдын апрелден тартып май айынын аягына чейин чыгарылган ар бир экинчи жаңылыгы позитивдүү болсо, 40%ы бейтарап, ал эми 95%ы негативдүү мазмунда болгон.

Мисалга, ушул эле аралыкта «Азаттык» 1629 жаңылык чыгарган, алардын ичинен 62%ы бейтарап, 11%ы — позитивдүү, 27%ы — негативдүү болгон. 

Буга чейин минкабдын башчысы Акылбек Жапаров менен президенттик администрациянын басма сөз кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков журналисттерге кайрылып, «позитивдүү» жаңылыктарды көбүрөөк жазууну суранышкан. Алардын пикиринде, «негативдүү» кабарлар өлкөнүн туристтик тармагына терс таасирин тийгизүүдө. 

Дагы окуңуз: «Чекит Медианын» УТРКдагы фейк жана троллдор жөнүндө иликтөөсү. Орунбековдун жообу