Темиров: «Азаттыктын» тынчтык келишими — бийликтин куугунуна кабылгандарга карата чыккынчылык  

2022-жылдын ноябрында Кыргызстандан чыгарылган иликтөөчү журналист Болот Темиров «Азаттык Медиа» менен Маданият министрлиги ортосунда түзүлгөн тынчтык келишимин чыккынчылык деп эсептейт. Бул тууралуу Темиров Фейсбук барагында жазды.   

«“Азаттык Медианын” “тынчтык келишимин” бийликтин куугунуна кабылгандарга карата чыккынчылык деп эсептейм… Эми бийлик бардык маселеде ушул келишимди бетке кармай берет», — деп эсептейт журналист. 

Тынчтык келишими

Бишкек шаардык соту 12-июлда Маданият министрлиги менен «Азаттыктын» ортосундагы «тынчтык келишимин» бекитип, «Азаттыктын» ЖМК катары ишмердигин токтотуу жөнүндөгү Ленин райондук сотунун чечимин жокко чыгарган.

Басылмадан талаш жараткан видео, мындан ары «Настоящее время. Азиянын» веб-сайтында жана «Азаттыктын» сайтында «Эркин Европа/ Азаттык (RFE/RL) медиакорпорациясынын веб-сайттарында контентти сактоо боюнча жалпы эрежелер өзгөргөнүнө байланыштуу жеткиликсиз» экенин белгилешкен

Ал эми Маданият министрлиги болсо «“Азаттык Медиа басылмасы анык эмес маалымат камтыган 2022-жылдын 14-17-сентябрындагы кыргыз-тажик чек арасындагы конфликт жөнүндөгү “Тяжёлые бои на границе Кыргызстана и Таджикистана АЗИЯ” аталышындагы видеоматериалын өзүнүн бардык ресурстарынан өчүрдү» , — деп билдирген.

Видео мындан ары жеткиликтүү болбогондуктан Маданият министрлиги «Азаттык Медиага» карата баардык соттук териштирүүлөрүн токтоткон.   

Тема боюнча: Бектур Искендер: «Азаттыктын» бийлик менен келишимге барганы — бүткүл кыргыз медиа-коомчулугунун утулушу