Бишкектин тургундарына газ койдуруу үчүн 150 миң сомго чейин жеңилдетилген насыя берүү башталат

Бишкекте «Газпром Кыргызстан» ишканасы менен «РСК Банктын» «Газдаштыруу» деп аталган долбоорунун негизинде жеңилдетилген насыя бериле баштайт. Бул тууралуу 17-июлда шаардык мэриядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, долбоор экологиялык абал начарлап бараткандыктан иштелип чыккан. Ага ылайык, газ койдурууну каалагандар 150 миң сомго чейинки насыяны төмөнкү пайыз менен, күрөөсүз, кепилдиксиз жана баштапкы төлөмсүз ала алышат.

«Каржылык мүмкүнчүлүгүнө жараша насыяны төлөө үчүн эң ыңгайлуу мезгилди адам өзү тандайт – үч ай же эки жыл. Көмүрдөн газ менен жылытууга өтүү боюнча тургундарга маалымат берүү иштери кызуу жүрүп жатат», — деп жазылат маалыматта.

19-июнда өкмөт башчы Акылбек Жапаров алдыдагы жылытуу мезгилинде экологиялык абалды жакшыртуу жана Бишкектеги ыштын алдын алуу боюнча жумушчу кеңешме өткөргөн.

Кеңешменин жүрүшүндө минкабдын башчысы ЖЭБди жаратылыш газына өткөрүү, калкка жаратылыш газын кошууга жана газ казандарын сатып алууга пайызсыз насыяларды берүү, электр энергиясына тарифтердин мисалында жаратылыш газы үчүн төлөөнүн дифференцияланган системасын иштеп чыгуу тапшырмасын берген.

Жыл сайын Бишкек кыш келери менен абасы булганган шаарлардын рейтингинде алдынкы саптарга чыгат.

Бишкек шаары. Сүрөт: Михаил Дудин

2022-жылдын октябрында БУУнун Кыргызстандагы өкүлчүлүгү Бишкектеги ыш тууралуу изилдөөсүнүн жыйынтыгы менен тааныштырган. Ага ылайык шаардагы абанын булганышына жеке үйлөрдү жылытуу үчүн жагылып жаткан сапатсыз көмүр негизги себеп болгону айтылган. Бийлик калаада аба булганып жатканына сапатсыз бензин жана жыш курулуштар, Бишкек ЖЭБи дагы себеп экенин айткан.

ТЕМА БОЮНЧА:

ЖЭБди газга өткөрүү, тигүү цехтеринин калдыктарын сатып алуу — Өкмөттө смог маселеси талкууланды

Изилдөө: Бишкекте абанын булганышынын негизги себеби — көмүр жагып жылытуу