Ноокатта баңгизат жүгүртүү менен алектенген беш адам кармалды

Ош облусунун Ноокат районунда 3 килограммга жакын баңгизат алып жүргөн 5 адам кармалды. Бул тууралуу 17-июлда Ош ОИИБден билдиришти.

Маалыматка караганда, Ноокат РИИБине мыйзамсыз баңгизат колдонуп жана сатып жүргөн жарандар тууралуу маалымат келип түшүп, «Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатысыз мыйзамсыз даярдоо» беренесинин негизинде иш козголгон.

Териштирүү иштеринин натыйжасында баңгизаттарды сатуу каналдары жана аларды сактоочу жайлар аныкталып, кылмышка шектүү катары Кара-Суу районунун 26, 40, 39, 43 жана 26 жаштардагы беш тургуну кармалды. 

Алардын үйлөрүн жана автоунааларын тинтүү учурунда 2 килограмм 869 грамм өзгөчө жыты бар зат табылган. Аталган заттарга карата дайындалган соттук-химиялык экспертизанын жыйынтыгында, алынган зат гашиш экени аныкталды. 

Кылмышка шектүүлөр Ноокат РИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Учурда териштирүү иштери уланып жатат.

6-июлда эл аралык баңги синдикатынын 22 жаштагы мүчөсү 6 килограммга жакын синтетикалык баңгизат менен кармалган. Милициядан аталган кылмышка тиешеси бар башка жарандарды издөө иштери жүрүп жатканын маалымдашкан.

ТЕМА БОЮНЧА:

ИИМ: 6 килограмм синтетикалык баңги зат «мефедрон» менен 22 жаштагы жаран кармалды

Бишкек: Милиция кызматкерлери баңгизат саткан интернет-дүкөндүн ээсин кармашты

Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүрткөн «Принцесса Дури» кылмыштуу тобунун мүчөлөрү кармалды