Ош: Сот «Эмаком» компаниясын мыйзамсыз курулган эки көп кабатуу үйүн бузууга милдеттендирди

Жогорку сот жана Ош шаардык соту «Эмаком» курулуш компаниясын мыйзамсыз курулган 12 жана 7 кабаттуу эки турак жайды өз эсебинен бузууга милдеттендирди. Бул тууралуу «Клоопко» 19-июлда Ош облустук соттон билдиришти.

Маалыматка ылайык, Ош шаардык прокуратурасы «Эмакомдун» Ленин көчөсү 351 дарегиндеги 7 кабаттуу турак үйүн мажбурлап буздуруп, баштапкы калыбына келтирүү жөнүндө доо арыз менен кайрылган.

Ош шаардык сотунун 2021-жылдын 21-июнундагы чечиминин негизинде доо арыз канааттандыруусуз калтырылган. 2022-жылдын 12-октябрда облустук сот биринчи инстациянын чечимин жокко чыгарып, аталган объектти бузууга милдеттендирген. 

Ал эми Жогорку сот үстүбүздөгү жылдын 27-мартында облустук соттун чечимин күчүндө калтырды.

Аны менен катар, 31-майда Ош шаардык соту «Эмаком» компаниясынын Матисаков көчөсүнүн 226 дарегинде курулуп жаткан 12 кабаттуу турак үйүн өз алдынча бузууга милдеттендирген. Компанияга карата минкабдын Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги арыз менен кайрылган.

«Эмаком» ЖЧКсы аталган чечимге нааразы болуп, 18-июлда апелляциялык даттануу менен Ош облустук сотуна кайрылды.

«Эмакомдун» мыйзамсыз курулушу

2008-жылы Ош шаарындагы Ленин көчөсү 351 дарегинде жайгашкан эки кабаттуу үй 6,5 баллдык жер титирөөдө жабыркап, «авариялык абалда» деп табылган. Кийинчерек анда жашаган 40 үй-бүлө менен «Эмаком» келишим түзүп, компания көп кабаттуу кабаттуу турак жай сала баштаган. Бирок шаардык Архитектура башкармалыгы да, Экотехинспекция да курулуш иштери уруксатсыз башталганын билдиришкен.

Сулайман-Тоо ЮНЕСКОнун дүйнөлүк мурастар тизмесинде тургандыктан, тоонун буфердик жана корук аймагы боюнча жобо бекитилген. Ага ылайык курулуштардын бийиктиги тоону тосуп калбашы керек. «Сулайман-Тоо» музей комплексинин башкы директорунун орун басары Хайрулло Ибайдуллаев курулуш тоону тосуп калганын ырастап, буга байланыштуу Сулайман-Тоо ЮНЕСКОнун дүйнөлүк мурастар тизмесинен чыгарылышы мүмкүн экенин айткан.

«Эмаком» компаниясы курулушту баштоого чейин Кыргыз реставрация институтунан курулуштун бийиктиги боюнча корутунду алышы керек болчу. Бирок компаниянын юристи Алмазбек Дыйканбаевдин айтымында, министрлик да, институт да белгилүү бир бийиктикти бекитип беришкен эмес.

Ош шаардык прокуратурасы 2018-жылдын 31-декабрында «Эмаком» компаниясынын жетекчисине каршы «өзүм билемдик» беренеси менен иш козгогон. Мындан тышкары прокуратура компанияны курулушту улантып жатканы үчүн да сотко берген.

«Эмаком» компаниясынын юристи Алмазбек Дыйканбаев «Клоопко» иш облустук сотто жарандык тартипте каралып жатканын кабарлаган. Ошондой эле, «Өзүм билемдик» беренеси боюнча компания 60 миң сом айып пул төлөгөнүн, ал эми курулуш мыйзамдуу же мыйзамсыз деп табыла электигин билдирген. Соттук териштирүүлөр жүрүп жаткан учурда курлуш улана берип, турак жай курулуп бүтүп калды. Имарат алты кабаттуу, мансард менен жети кабатка жетет.

ТЕМА БОЮНЧА:

Сулайман-Тоонун коргоо аймагындагы мыйзамсыз курулуштарга тыюу салуу керектиги айтылды

Курулушту уруксатсыз баштаган «Эмаком» компаниясына байланыштуу иш боюнча эмне белгилүү?

Жээнбеков «ЭМАКОМдун» артында ким турарына кызыкты. Жарандык коом президент менен эмнени талкуулады?

«Реформа» партиясынын талапкери: «Президент “Эмаком” боюнча өз сөзүндө турган жок»