Сулайман-Тоонун коргоо аймагындагы мыйзамсыз курулуштарга тыюу салуу керектиги айтылды

30-майда маданият министрлигинде өткөн жыйында Сулайман-Тоонун коргоо аймагында мыйзамсыз курулуп жаткан көп кабаттуу имараттардын, объекттердин курулушун токтотуу жана ага тыюу салуу боюнча Ош шаарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына чечкиндүү чараларды кабыл алуу жана ишке ашыруу зарылдыгы айтылды.

Аталган жыйын «Ош шаарынын тарыхый борборунун архитектуралык-пландоо өнүгүшүнүн» концепциясына байланыштуу ведомстволор аралык кеңешменин алкагында өттү.

Кеңешменин жүрүшүндө, Ош шаарынын кыймылсыз тарыхый-маданий мурас объекттерин жана алардын коргоо чөлкөмдөрүнүн бүтүндүгүн коргоо, сактоо, туура пайдалануу жана шаар куруунун өнүгүшү тууралуу ар кандай маселелер талкууланды.

Аталган кеңешмеге Ош шаарынын вице-мэри Жасур Азимов, Кыргызстандын ЮНЕСКО иштери боюнча Улуттук комиссиясынын жоопту катчысы Сабира Солтонгелдиева, Оштун архитектура башкармалыгынын башчысы Алтынбек Токошев, Ош шаардык кеңешинин депутаттары, Шаар куруу жана архитектура мамлекеттик долбоорлоо институтунун адистери жана Архитекторлор союзунун өкүлдөрү катышты.

«Концепциянын негизги максаты — шаардын Башкы планынын алкагында “Сулайман-Тоо” тоосу жана шаардын аймагында жайгашкан эстеликтердин бекитилген коргоо чөлкөмдөрүнүн чектеринде эстеликтерди коргоону камсыз кылуу менен Ош шаарынын тарыхый борборунун деталдык пландоо долбоорунун илимий негизделген чечимдерин иштеп чыгуу», — деп жазылат маалыматта.

Сулайман-Тоонун коргоо аймагы жана мыйзамсыз курулуштар

Сулайман-Тоо ЮНЕСКОнун дүйнөлүк мурастар тизмесине 2009-жылы кошулуп, Кыргызстандан кирген эң биринчи эстелик болгон. Ошол эле жылы тоонун буфердик аймагы белгиленип, ага ылайык аталган аймакта бийик имарат курууга тыюу салынган. Анткени, курулуштар тоонун көрүнүшүн тосуп калбашы керек.

Бирок, «ЭМАКОМ» курулуш компаниясы Ленин көчөсү 351 дарегине көп кабаттуу турак үй салган. Мыйзамсыз курулушка карата шаардык Архитектура башкармалыгы да, Экотехинспекция да курулуш иштери уруксатсыз башталганын билдиришкен.

«Сулайман-Тоо» музей комплексинин башкы директорунун орун басары Хайрулло Ибайдуллаев курулуш тоону тосуп калганын ырастап, буга байланыштуу Сулайман-Тоо ЮНЕСКОнун дүйнөлүк мурастар тизмесинен чыгарылышы мүмкүн экенин айткан.

«ЭМАКОМ» компаниясы курулушту баштоого чейин Кыргыз реставрация институтунан курулуштун бийиктиги боюнча корутунду алышы керек болчу. Бирок компаниянын юристи Алмазбек Дыйканбаевдин айтымында, министрлик да, институт да белгилүү бир бийиктикти бекитип беришкен эмес.

Ош шаардык прокуратурасы 2018-жылдын 31-декабрында «ЭМАКОМ» компаниясынын жетекчисине каршы «өзүм билемдик» беренеси менен иш козгогон. Мындан тышкары прокуратура компанияны курулушту улантып жатканы үчүн да сотко берген.

Дыйканбаевдин айтымында, аталган компания «өзүм билемдик» беренеси боюнча компания 60 миң сом айып пул төлөгөн, ал эми курулуш мыйзамдуу, же мыйзамсыз деп табыла электигин билдирген. Соттук териштирүүлөр жүрүп жаткан учурда курлуш улана берип турак жай курулуп бүтүп калды. Имарат алты кабаттуу, мансард менен жети кабатка жетет.

Президент жана «ЭМАКОМ» 

Өткөн жылдын 10-июнунда экс-президент Сооронбай Жээнбеков Ош облусуна болгон иш сапарынын алкагында Оштогу жарандык коомдун өкүлдөрү менен жолуккан. Жолугушууга катышкандардын бири укук коргоочу Гүлгакы Мамасалиева Жээнбековго «ЭМАКОМ» компаниясынын Ош шаарындагы мыйзамсыз курулушу тууралуу айтып берген.

Жээнбеков «ЭМАКОМ» компаниясы куруп жаткан объектилерди жеке көзөмөлүнө алууну убадалаган жана анын артында ким турганына кызыккан.

Анткен менен мыйзамсыз курулуш токтотулган эмес. Мамасалиеванын айтымында, «Жээнбеков кайра мыйзам бузгандарга бийликтин партиясына келүүсүнө шарт түзүп берген». Анткени «ЭМАКОМдун» жетекчиси Эмилбек Жусупов ошол учурдагы парламенттик шайлоого бийликчил деп эсептелген «Биримдик» партиясы менен барган.

2020-жылдагы парламенттик шайлоонун жыйынтыгы жокко чыгарылгандан кийин, Жусуповдун бир тууган агасы Мелис Жусупов «Ата-Журт Кыргызстан» партиясы менен 2021-жылы 11-апрелинде Ош шаардык кеңешине аттанган.

Тема боюнча:

Жээнбеков «ЭМАКОМдун» артында ким турарына кызыкты. Жарандык коом президент менен эмнени талкуулады?

«Реформа» партиясынын талапкери: «Президент “Эмаком” боюнча өз сөзүндө турган жок»

Сулайман тоонун буфердик аймагында бийик курулуш жүргүзүүгө уруксат берүү сунушталды