Рыскул Боромбаев мамлекеттик цирктин директору болуп дайындалды

Рыскул Боромбаев Абубакир Изибаев атындагы мамлекеттик цирктин директору болуп дайындалды. Бул тууралуу 24-июлда Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги маалымдады.

Боромбаев буга чейин Кыргызстандын улуттук маданият борборунун башкы директору болгон. Ошондой эле мамлекеттик цирктин директорунун орун басары болуп иштеген.

Аталган цирктин мурдагы директору Фархад Бекманбетов июнь айында кызматтан кеткен. Ал бул кызматта 2019-жылы келген. 

Кыргыз циркиндеги чуу

Үстүбүздөгү жылдын 10-апрелинде мамлекеттик цирктин артисти Асланайым Аширова мекемедеги жаныбарлар кароосуз калганын айтып чыккан. Ал жаныбарлар «цирктин короосунда кызматкерлер менен артисттерге кол салышы ыктымал экенин» белгилеген. Ошондой эле кызматкерлерге шарттар түзүлбөгөнүн кабарланган.

Аширова буга чейин цирктин директору мекеменин короосунда көк бөрүгө чабылган өзүнө таандык аттарды бактырып келгенин билдирген. Анын айткандарын цирктин мурдагы көркөм жетекчиси, гимнаст жана жаачы Аида Акматова дагы ырастаган.

Ал эми цирктин директору Фархад Бекманбетов мекеменин жаныбарлары кароосуз, ачка калууда деген маалыматты төгүндөп, Ашированы «провокатор» деп атаган.

Кыргыз цирки 1962-жылы түзүлсө, ал эми анын Бишкек шаарындагы имараты 1976-жылы пайдаланууга берилген. Анда 130дай киши иштейт, анын 40ка жакынын чыгармачыл жамааттын өкүлдөрү түзөт.

8-июлда, Президент Садыр Жапаров циркти күтүүсүз текшерип барып, капиталдык реконструкциядан өткөрүүнү тапшырган. 

ТЕМА БОЮНЧА:

Мамлекеттик цирктин директору Фархад Бекманбетов өз каалоосу менен иштен кетти

«Президент күтүүсүз текшерди». Мамлекеттик цирктин имараты реконструкцияланат

«Жуулбаган, таштандыдан тамак жейт». Кыргыз мамлекеттик циркте жаныбарлар кароосуз калганы айтылууда