Осмоналиев: Кыргыз тилин билбеген мамлекеттик кызматкерлер иштен алынат

Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын башчысы Каныбек Осмоналиев мамкызматкер кыргыз тилин билбесе жумуштан алынат деп билдирди. Бул тууралуу Осмоналиев 27-июлда «Кабар» маалымат агенттигинде өткөн жыйынында айтты

«[Мамлекеттик тилди билбеген мамкызматкердин] кыргыз тилин үйрөнүүгө 3-4 жылы болгон. Эгерде ал мамкызматкер гений болсо, анда тилди жарым жылда эле үйрөнүп алат. [Алардын тил үйрөнүүгө берилген] мөөнөтү эбак эле бүткөн. Аны жумуштан алат», — деп белгиледи ал. 

Осмоналиев учурда орус тилинин Кыргызстандагы ролу жана статусу тууралуу спекуляциялар жүрүп жатканын кошумчалады. Анын айтымында, «дүйнөнүн бир дагы өлкөсүндө орус тилин Кыргызстандагыдай урматтоо жок» деп белгиледи. 

«Талаш-тартыштар кыргыз тилин билүүгө тийиш болгон кызмат адамдарынын, айрыкча медиктер менен педагогдордун тизмеси келтирилген 32-берененин тегерегинде келип чыгууда. Алар мамлекеттик кызматкерлер эмес, Лавров мырзаны (Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров) "абдан акылдуу адамдар" уят кылып коюшту», — деди ал

Кыргызстанда 17-июлда Мамлекеттик тил мыйзамынын кыргыз тилинин ролун бекемдеген жаңы редакциясы күчүнө кирди.

Мыйзамга ылайык, мамлекеттик кызматкерлер, депутаттар, педагогдор, судьялар, прокурорлор, адвокаттар, медицина кызматкерлери жана башка категориядагы жарандардын тобу кыргыз тилин билүүгө милдеттүү. Ошондой эле мыйзам мамлекеттик бийлигин, жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарын жана менчик формасына карабастан бардык уюмдарды кыргыз тилин жумушчу тил кылып колдонууга милдеттендирет.

Мамлекеттик тил тууралуу жаңы мыйзамдын кабыл алынышы орус чиновниктеринин сынына кабылганы менен коштолгон. Орусия ТИМнин расмий өкүлү Мария Захарова бул мыйзам «азыркы абалында республикадагы кыргыз тилин билбеген жарандар үчүн айрым кыйынчылыктарды жаратышы мүмкүн» деп билдирген. Ал Москва Кыргызстанда тең салмактуу тил саясатынын жүргүзүлүшүнө ишегиси келет деп айткан. Орусиянын Тышкы иштер министрлигинин башчысы Сергей Лавров Кыргызстанда мамлекеттик тил жөнүңдө күчүнө кирген жаңы мыйзамды «анчейин демократиялуу эмес» деп атаган.

Лавровго президент Садыр Жапаров өзү жооп берген, ал жаны «мыйзамда орус тили дискриминация болсун деген түшүнүк жок» деп билдирип, ал расмий статусун сактап калган деп айткан. 

Башкы беттеги сүрөт: «Кабар».