Азат Равшан: Апам эч кимге эч кандай зыян келтирбегендиктен кун төлөгөн жок

Саясатчы Равшан Жээнбековдун уулу Азат Равшан УКМКнын апасына карата айыптоолорун жана аны зыяндын ордун толтурганын четке какты. Бул тууралуу ал 30-июлда фейсбуктагы барагына жазды.

«Мен дагы тактап айткым келет, апам эч кимге эч кандай материалдык зыян келтирбегендиктен кун төлөгөн жок жана анын эч кандай «жерге» тиешеси жок. Апамдын камалышы атамдын саясий позициясына жана NEXT TV телеканалынын көз карандысыз маалымат каражаты катары ишмердүүлүгүнө байланыштуу», — деди ал.

Ошондой эле ал апасынын абалы начар экенин, ден соолугу мындан ары дарылоону жана операцияларды талар кыларын жазды.

Салкынай Алимбаева. Сүрөт: Азат Равшан

Бишкектин Биринчи май райондук соту 29-июлда Салкынай Алимбаеваны үй камагына чыгарган.

29-июлда УКМК Салкынай Алимбаева кыймылсыз мүлктү ижарага берүү боюнча аукциондо «мамлекеттик органдарда байланышы бар экенин айтып», жеңишти алып берүү үчүн «бизнес өкүлдөрүнөн 500 миң доллар алганы аныкталганын» кабарлаган.

Атайын кызмат бул боюнча Алимбаева менен бирге «Инфосистема» мамлекеттик ишканасы жана аталган кылмышка тиешеси бар башка адамдар кылмыш жоопкерчилигине тартылганын кошумчалаган.

Салкынай Алимбаева үстүбүздөгү жылдын 25-майында УКМК тарабынан кармалып, сегиз саат сурак бергенден кийин камакка алынган. Ага «коррупция» беренеси менен айып тагылган.

Кийин жактоочу Разак Ашимбаев кардарына «муниципалдык жер участогун сатууга тиешеси бар» деген айып тагылып жатканын билдирген.

Алимбаеванын жактоочулары анын саламаттыгы начарлап жатканын бир нече жолу айтышкан. Алар Алимбаева менен Жээнбековдун жашы жете элек кызы таежесинин колунда калганын, ата-энесинин камакка алынышынан улам абалы оор экенин кошумчалашкан.

Ал эми 7-июлда Алимбаева шаардагы ооруканалардын биринде операция болгону маалым болгон. Бирок УКМК бул тууралуу маалымат берген эмес.

Равшан Жээнбеков президентке кайрылып, үй-бүлөсүн куугунтуктоону токтотууну талап кылган. Кийинчерээк Жээнбековдун кайненеси да өлкө башчысына кайрылып, кызы менен күйөө баласын бошотууну өтүнгөн.

Жээнбеков Кемпир-Абад иши боюнча кармалып, учурда Бишкектеги №1 тергөө абагында отурат. Ага «Массалык башаламандык уюштуруу» беренеси менен айып тагылган. Ошондой эле «Кой-Таш окуяларына» байланыштуу дагы иш козголгон.