Абактагы Салкынай Алимбаеванын ден соолугу начарлап, операция болгону айтылууда

«Кемпир-Абад ишинин» фигуранты, абактагы саясатчы Равшан Жээнбековдун жубайы Салкынай Алимбаева 7-июлда шаардагы ооруканалардын биринде операция болду. Бул тууралуу 26-июлда анын сиңдиси Алтынай Алимбаева «Азатыкка» билдирди.

«УКМКнын абагынан кан кетип келген, ал жакта дарыгер жок экен. Салкынай мурда эле ооруп жүргөн. Тез жардам менен алып келдик. Операция 2,5 саатка созулуп, аябай оор өттү. Эки күн жандандыруу бөлүмүндө жатты. Азыр деле ооруканада жатат, бирок абалы орто», — деди ал.

Азырынча Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен Алмбаеванын операция болгону боюнча комментарий берише элек.

Буга чейин, адвокат Гуляна Убалиева кардарынын абалы начарлап жатканын айтып, УКМКга аны текшерүүдөн өткөрүү өтүнүчү менен кайрылганын билдирген. Ал эми 25-июлда райондук сот Алимбаеванын абактагы мөөнөтүн узарткан.

Салкынай Алимбаева үстүбүздөгү жылдын 25-майында УКМК тарабынан кармалып, сегиз саат сурак бергенден кийин камакка алынган. Ага «коррупция» беренеси менен айып тагылганы айтылган

Кийин жактоочу Разак Ашимбаев кардарына «муниципалдык жер участогун сатууга тиешеси бар» деген айып тагылып жатканын билдирген. Анткен менен, атайын кызмат азыркыга чейин Алимбаеванын иши боюнча расмий маалымат бере элек.

Алимбаеванын жактоочулары анын саламаттыгы начарлап жатканын буга чейин да айтышкан. Алар Алимбаева менен Жээнбековдун жашы жете элек кызы таежесинин колунда калганын, ата-энесинин камакка алынышынан улам абалы оор экенин кошумчалашкан.  

Равшан Жээнбеков президентке кайрылып, үй-бүлөсүн куугунтуктоону токтотууну талап кылган. Кийинчерээк Жээнбековдун кайненеси да өлкө башчысына кайрылып, кызы менен күйө баласын бошотууну өтүнгөн.

Жээнбеков Кемпир-Абад иши боюнча кармалып, ушул учурда Бишкектеги №1 тергөө абагында отурат. Ага «Массалык башаламандык уюштуруу» беренеси менен айып тагылган. Ошондой эле «Кой-Таш окуяларына» байланыштуу дагы иш козголгон.

ТЕМА БОЮНЧА: 

Сот Равшан Жээнбековдун аялы Салкынай Алимбаеванын камактагы мөөнөтүн эки айга узартты