Бир видео: «Ала-Тоо 24» каналы Жапаровдун Жалал-Абадга эл менен чогу учканын көрсөттү 

Президент Садыр Жапаров Жалал-Абадга кадимки каттам менен учуп барды. Бул тууралуу «Ала-Тоо 24» мамлекеттик каналынын журналисттери  «Президент Жапаров» аталышындагы репортажында айтышты

«Президент Садыр Жапаров эл менен бирге, кадимки учак менен, эч кандай комфорт, люксу жок эле Жалал-Абадга учту. Өлкө башчы менен бир сомолётто учам деп эч ким күтпөсө керек», — деп комментарий берди журналист. 

Ошондой эле президент менен чогу учкан кызматкерлердин катарында УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев да болду. 

Жапаровдун Жалал-Абад жана Ош облусуна болгон сапары 31-июлда жыйынтыкталды. Ал өлкөнүн түштүгүнө 27-июлда барган

Жумушчу сапардын алкагында президент бир катар жаңы имараттардын ачылышына катышып жана аймактагы инфраструктуралык объектилердин курулушу менен да таанышты. 

Жапаров Ош шаарындагы таза суу менен камсыздачу төрт жаңы резервуардын курулушу менен таанышып жана шаар мэрине тургундардын таза суу менен камсыздоо маселесин бир айда чечүүнү тапшырды.

Мындан тышкары, Садыр Жапаров досу Камчыбек Ташиев менен УКМКнын Ош шаары жана Ош облусу боюнча Башкы башкармалыгынын жаңы имаратынын ачылышына катышты.

Акырында Жапаров оңдоого деп бюджеттен 45 млн сом бөлүнгөн Ош облустук «Төлөйкөн» ат майданын реконструкциялоо иштеринин жүрүшү менен да таанышты.