Президент Оштогу таза суу көйгөйүн бир айдын ичинде чечүүнү тапшырды

Президент Садыр Жапаров Ошко болгон иш сапарынын алкагында шаарды таза суу менен камсыздачу төрт жаңы резервуардын курулушу менен таанышты. Бул тууралуу 28-июлда өлкө башчынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, азыркы тапта резервурга таза суу чогултулуп жатат — ар биринин көлөмү 6 миң куб метрди түзөт.

Жапаров шаар тургундарын таза суу менен камсыздоо маселесин бир айда чечүүнү тапшырды. Ал эми калаа башчысы Бактыбек Жетигенов шаарды таза суу менен камсыздоого жетиштүү ресурстар бар экенин билдирди. Ал буга чейин эле маселе күздө чечилерин айткан болчу.

Оштогу таза суу көйгөйү

Ош шаарынын жарымы Ак-Буура дарыясынан суу ичет. Жамгыр жааган күндөрү суу берүү токтотулуп, айрыкча көп кабаттуу үйлөрдүн жашоочулары үчүн бир топ ыңгайсыздыктар жаралат.

Буга байланыштуу тургундар нааразычылыгын билдирип, митингдерге да чыгып келишет. Оштун буга чейинки мэрлери да таза суу көйгөйүн чечүүнү убадалап, бирок ал ишке ашканча өздөрү кызматтарынан кетишкен.

2022-жылдын майында мэрия жаан жааганда суу берүү үзгүлтүккө учурабашы үчүн долбоор сунуштаган. Азия өнүктүрүү банкы ал үчүн 3 млн АКШ долларын бөлүп бермей болгон.

ТЕМА БОЮНЧА:

Оштун мэри: Таза суу маселеси күзгө чейин 100% чечилет

Ош: Папан суу сактагычындагы суунун абалы боюнча нааразычылыктан кийин тазалоо иштери жүргүзүлдү