Бишкекте жана Ошто кытайлык дарыгерлер катаракта көз илдетине 600 акысыз операция жасашат

Кытайдан келген офтальмологдор 12-сентябрдан 26-сентябрга чейин катаракта көз илдетине чалдыккан 600 кыргызстандыкка акысыз операция жасашат. Бул тууралуу 1-августта Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришти.  

Министрликтин маалыматында, 300 операция Бишкектеги Улуттук госпиталда №1 жана №2 көз хирургиясы бөлүмдөрүнүн базасында жасалса, калган 300 операция Ош облустар аралык бириккен ооруканасынын базасында жасалат. 

Алдын ала текшерүү жана бейтаптарды каттоо Бишкекте Тоголок Молдо 1/7 дареги боюнча Улуттук госпиталдын мобилдик клиникасында 7-августтан 8-сентябрга чейин, ар дүйшөмбүдөн жумага чейин саат 09:00дон 16:00го чейин жүргүзүлөт. 

Сурап-билүү телефону: 0990800483

Ал эми Ошто алдын ала текшерүү жана каттоо жашаган жери боюнча жүргүзүлөт. Сурап-билүү телефону: 0551686617

Текшерүүгө каттоодон өтүү үчүн жаныңызда паспорт, маалымкат (пенсия, майыптуулук, баатыр эне болгону тууралуу ж.б) болушу керек. 

Катарактага акысыз 600 операция жасоо «Экспресс ден соолук — Жаркын саякат» долбоорунун алкагында уюштурулган.  Бул долбоор Кытайдын Саламаттыкты сактоо боюнча мамлекеттик комитетине караштуу Эл аралык кызматташтык борбору тарабынан ишке ашырылып жатат.  

Бул тууралуу 25-июлда Кытайдын элчиси Ду Дэвень айым менен Саламаттыкты сактоо министри Гүлнара Баатырованын жолугушуусунда сүйлөшүлгөн.  

Буга чейин, Кореядан келген дарыгерлер Бишкекте тургундарды акысыз кароодон өткөрүшкөн. Анда Кореядан көз, кулак, терапевт, кардиолог, аллерголог, педиатр, гастроэнтеролог, тиш дарыгерлери келишкен.

ТЕМА БОЮНЧА:

Күзүндө кытайлык врачтар Кыргызстанда катарактага каршы 600 акысыз операция жасашат

Бишкек: Кореядан келген дарыгерлер тургундарды акысыз кароодон өткөрүшөт