Жасалма диплом чыры: Сот мандатынан ажыраган эки депутаттын арызын канааттандырган жок

Бишкек шаардык административдик соту Фархат Исмаилов менен Фарходбек Алимжановдун мандатынан ажырашына байланыштуу БШКга каршы берген арызын канааттандырган жок.

Маалыматта экөөнүн тең соттун чечимине даттанууга бир ай убактысы бар экени айтылат.

Эки депутаттын мандатынан ажыраганы тууралуу 6-июлда белгилүү болгон. Мындай чечимге алардын дипломдорунун жараксыз деп табылганы негиз болгон. Кийин алар Боршайкомдун чечимине каршы сотко кайрылган.

БШКнын мүчөсү Узарбек Жылкыбаев «депутат болуу үчүн талапкер жогорку билимдүү болуш керек» деген талап 2021-жылы гана киргизилгенин билдирген. Анын айтымында, мурда талапкерлерден диплом талап кылынчу эмес.

Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен өткөн жылы марттан тарта УКМК бардык аткаминерлердин дипломунун аныктыгын жана кош жарандуулугун текшере баштаган.

Атайын кызматтан жасалма диплом эң эле көп берилген окуу жай катары Кыргыз улуттук университети шектелерин билдиришкен.

ТЕМА БОЮНЧА:

Жасалма диплом чыры: Мандатынан ажыраган эки депутат БШКны сотко берди

«Диплом иши». БШК Орозайым Нарматованын каттоосун жана мандатын жокко чыгарды