Ош ШИИБдин улук тергөөчүсү мас абалда унаа башкарып бара жатканда кармалды

Ош шаарында унаасын мас абалда башкарып бара жаткан шаардык милициянын улук тергөөчүсү кармалып, протокол түзүлдү. Маалыматты «Клоопко» 8-августта Ош шаардык Жол кайгуул кызматынан тастыкташты.

Билдирүүгө ылайык, Ош ШИИБдин «М.А.С» аттуу улук тергөөчүсү Ош шаарындагы Осмонов көчөсүндө мас абалда унаа башкарып бара жаткан учурда жол тескөөчүлөр тарабынан токтотулган.

Милициядан тергөөчүнүн мас экени аныкталып, ага «Мас абалындагы айдоочунун транспорт каражатын башкаруусу» беренесинин негизинде протокол түзүлдү.

Буга чейин «БеспределKG» телеграм-каналында 8-августта тартылган видео тасмалар тараган. Анда Ош шаардык милициянын тергөөчүсү мас абалда унаа башкарганы тартылган. 

Ал эми ИИМлен аталган кызматкердин окуясы боюнча ички иликтөө башталганын маалымдады. 

Быйыл жол эрежесин сактабаган айдоочуларга айып пул 15 000 сомго чейин көтөрүлгөн. Мындай чечим жолдогу коопсуздукту жакшыртуу үчүн кабыл алынганы айтылган

ТЕМА БОЮНЧА:

Жол эрежесин бузган айдоочуларга айып пул 15 миң сомго чейин көтөрүлдү

Марттан баштап мас абалда унаа айдагандар бир жылга айдоочулук күбөлүгүнөн ажыратыла баштайт