Жалал-Абад: Камчыбек Ташиев асфальт төшөлгөн көчөнүн ачылышына катышты

Жалал-Абад шаарында жаңы асфальт төшөлгөн Пушкин көчөсүнүн ачылышына УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев катышты. Бул тууралуу 9-августта шаардык мэриядан билдиришти

Маалыматка ылайык, жолдун узундугу дээрлик эки чакырым, кеңдиги 20 метрди түзөт. 

9-агустта пайдаланууга берилген көчөнүн ачылышына Президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлү Абсаттар Сыргабаев, Жалал-Абад шаарынын мэри Эрнисбек Ормоков баштаган жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, калаа тургундары катышты.  

Аталган көчөнүн курулушу Жалал-Абад шаарын өнүктүрүүгө бөлүнгөн 2 млрд сомдун эсебинен каржыланып, 70 млн сом каражат жумшалды.

Пушкин көчөсү — Жалал-Абад шаарынын негизги жолдорунун бири. Аталган көчө 2018-2019-жылдары кеңейтилип, бирок кеңейтилген бөлүгүнө гана убактылуу асфальт басылган.

Үстүбүздөгү жылы шаарда жалпы 13 чакырым тротуарга жана 20 чакырым жолго асфальт төшөө пландалган. 

Ташиев ар кандай объекттердин ачылыш иш-чараларына буга чейин да катышып келген. Өткөн жылы кичи мекени Сузак районуна караштуу Барпы айылында агасы Жаныбек Ташиевдин элесине арналган «Жони» эс алуу багынын ачылышына жана Жалал-Абаддагы төрт көчөнүн оңдоп-түзөөдөн кийинки ачылыш аземине катышкан

Андан сырткары Ташиев өлкөнүн ар кайсыл аймагында курулуп же оңдоодон өткөрүлгөн УКМКнын ондогон имараттарынын ачып келет. Мындай имараттар өлкө боюнча ондоп саналат. 

ТЕМА БОЮНЧА:

Ысык-Көл: Түптө УКМКнын жаңы имараты ачылды

Камчыбек Ташиев Жалал-Абаддагы төрт көчөгө өз чөнтөгүнөн асфальт төшөп берди

Жалал-Абадда 72 млн сомго балдар ойноочу комплекс курулууда

Акылбек Жапаров менен Ташиев Жалал-Абадда УКМКга караштуу балдар лагерин ачышты