Ысык-Көл: Милиционер командиринин кысымынан улам өзүнө кол салганын айтты

Ысык-Көл облустук экологиялык-туристтик милициясынын лейтенанты Эрлан Мусакожоев командири, милициянын полковниги Бакыт Абакировдун кысымынан улам өз жанын кыюуга аракет кылды. Бул тууралуу 12-августта «Азаттыкка» ал өзү билдирди.

Мусакожоевдин айтымында, ал 17-июлдан 18-августка чейин ден соолугуна байланыштуу дарыланууга чыккан. Бирок командири күн алыс чалып, «жумушка чыкпаса орду-түбү менен жоготорун» айткан.

«10-августта саат 9:00гө Чолпон-Атадагы “Рух-Ордо” комплексине кел деди, оозго алгыс уят сөздөр менен сөктү. Командирдин кысымына чыдабай өзүмдү өлтүрүүгө аракет кылдым. Азыр да басымы уланууда», — деди лейтенант.

Ал командири Бакыт Абакиров мыйзам чегинде жазасын алышы керектигин айтып, ички иштер министри Улан Ниязбековго кайрылды.

Ысык-Көл райондук ооруканасынын дарыгерлеринин маалыматына ылайык, учурда Мусакожоевдин абалы туруктуу.

Ал эми милициянын командири Бакыт Абакиров бул боюнча маалымат берип, Мусакожоевдин эмне себептен өзүнө кол салганын түшүнбөй калганын айткан.

«Ал ооруп жаткан. Бул тууралуу кесиптештери да айтып, үйүндөгү келинчегине барсам, ал да “сүйлөнүп, жөөлүп атат” деген. Дарыланышы үчүн медициналык бөлүмүбүзгө өзүм алып баргам. 11-августта өзү Чолпон-Атага келип, айыктым, жумушка чыкканга даярмын деди. Катарда турган милиция кызматкерлеринин көзүнчө өзүн-өзү сайып жиберди, мен түшүнбөй калдым. Азыр тергөө жүрүүдө, жыйынтыгында комментарий берем», — деди ал.

Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынан «Клоопко» кызматтык териштирүү жүрүп жатканын белгилеп, жыйынтыгы боюнча маалымат берүүнү убадалашты.

Буга чейин, 29-июлга караган түнү Ош ШИИБдин кайгуул кызматынын 50дөй кызматкери нааразычылык акциясына чыккан. Алар жетекчиси Айбек Жумагуловдуе мамилесине, мыйзамсыз иштерине нааразы болуп, аны кызматтан алууну талап кылышкан.

10-августта ИИМдин кайгуул кызматы Айбек Жумагулов кызматтан бошотулуп, дагы 91 кызматкер ар кандай тартиптик жазага тартылганын кабарлады.

ТЕМА БОЮНЧА:

Ош: Милициянын кайгуул кызматынын башчысы кызматтан кетип, 91 кызматкер жазага тартылды

Ноокат: Милиция кызматкери жетекчиси аны уруп, куугунтукка алганын айтты

Башкы бетте иллюстративдик сүрөт