Бишкекке автобус жана троллейбус айдаган 1500 айдоочу керек

Бишкек жүргүнчүлөр автотранспорт ишканасы жана троллейбус башкармалыгы D категориясы бар 1500 автобус жана троллейбус айдоочусун издеп жатат. Бул тууралуу 15-августта башкармалыктын басма сөз кызматы билдирди.   

Жарыяда айдоочулардын жаш курагы 21ден 60 жашка чейин болушу керектиги айтылат. Муниципалитет айдоочуларга 50 миң сом эмгек акы төлөөнү убада кылууда.  

«"ВС" категориясы бар айдоочулар үчүн "Д" категориясына акысыз окутуу жана практика каралган, курсту аяктагандан кийин, биз расмий жумушка жана татыктуу эмгек акыга кепилдик беребиз», — деп айтылат жарыяда. 

Троллейбус айдоочуларынын иш таштоосу 

Буга чейин Бишкек мэриясы 20-августтан тарта муниципалдык автобус жана троллейбустарда жол кире акысы накталай эмес төлөм менен гана алынарын билдирген

Андан кийин эле Бишкекте 100гө жакын троллейбус айдоочусу иштен кетүүгө арыз жазып, эртеси күнү 70ке жакын троллейбус айдоочусу иш таштап, Бишкек троллейбус башкармалыгынын (БТБ) алдына митингге чыккан. Алар шаар бийлигинен эмгек акыларын 60-70 миң сомго чейин көтөрүүнү талап кылышкан. 

Алардын айтымында, учурда айдоочулар 20-28 миң сом маяна алышат. Алар жол кире накталай эмес төлөнө баштаганда 50 миң сомго жетпеген маяна алып калышарын айтышкан.

БТБнын башчысы нааразычылык акцияга чыккан айдоочулар эгер иш таштоону токтотушпаса жумуштан бошотулуп, ордуна жаңы кызматкерлер алынарын айтып эскерткен. Андан кийин 12-августта троллейбус айдоочулары каттамга чыгышкан. 

Мындан тышкары, жыл аягына чейин Кытайдан сатып алынган 500 автобустун келиши күтүлүп жатат. Ал эми 2024-жылы дагы 500ү келет. 

Автору Медина Шамшидинова