Көлбаевдин уюшкан кылмышуу тобунун активдүү мүчөсү алдамчылыкка шектелип кармалды

УКМК кримтөбөл Камчы Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун активдүү мүчөсү Майрамбек Мусадаровду алдамчылыкка шектеп кармады. Бул тууралуу атайын кызмат 23-августта билдирди.

Маалыматка караганда, шектүү 2020-жылы Чолпон-Ата шаарындагы ипподромдун жанынан жер тилкесин берүүнү убадалап, жарандын 5 миң долларын жана «Ауди С4» үлгүсүндөгү унаасын тартып алган. Бирок акырында аталган жер тилке Камчы Көлбаевге өткөрүлүп берилген.

УКМК билдирүүсүндө «Мокинтош» каймана аты менен белгилүү Мусадаров буга чейин оор жана өзгөчө оор кылмыштар үчүн соттолгонун белгиледи.

Учурда шектүү УКМКнын убактылуу кармоочу жайында. Тергөө иштери уланууда.

Буга чейин, 8-августта атайын кызмат Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөсүн аял кишини сабап, опузалап акча алып жаткан жеринен кармаган.

Камалган киши акыркы алты ай бою күч колдонуп, зомбулук көрсөтөм деп коркутуп жабырлануучудан дайыма акча алып турганы белгилүү болгон.

ТЕМА БОЮНЧА:

«Көлбаевдин УКТ мүчөсү». Аялды коркутуп, опузалап акча алып жүргөн киши кармалды

Азыр Көлбаевге карата эч кандай кылмыш иши жок — адвокат

ЖАК Көлбаевди куттуктаган сүрөт таркап кеткенден кийин кызматтык иликтөө баштады