Президент Ысык-Көлдөгү мамлекетке таандык 15 пансионат 49 жылга ижарага берилерин айтты

Президент Садыр Жапаров Ысык-Көлдөгү мамлекетке таандык каралбай калган 15 пансионат 49 жылга ижарага берилерин билдирди. Бул тууралуу ал 29-августта фейсбук барагына жазды.

«“Инвестиция салам, мен алам" деген ата мекендик байларыбызды, чет өлкөлүк инвесторлорду чакырам. Келиңиздер, алыңыздар. 3, 4, 5 жылдыздуу мейманканаларды салып иштетиңиздер. Албетте, салган инвестицияңарды кыска убакытта чыгарып аласыңар дегенден алысмын. Бирок 49 жылда 3-4 эсе актайт деп ишенем», — деди ал.

Өлкө башчысы ишкерлер ал үчүн Мамлекеттик мүлктү башкаруу агенттигине кайрылышы керектигин айтып, «ижарага алган соң, дароо инвестиция салып башташы керек» деп баса белгиледи.

«Үч жылдыздуудан жогору мейманканалар, коттеждер жана башкалар салынышы кажет. Акчаң болсо эки жылда кычыраган пансионат кылсаң болот. “49 жылга алдым” деп 5-10 жыл эч нерсе салбай, басып жата берген жарабайт. Субарендага уруксат жок», — деди Жапаров.

Ошондой эле президент «пансионаттарды эмнеге мамлекеттин акчасына оңдоп койбойсуңар» дегендер да бар экенин айтып, «мамлекеттин акчасын узак мөөнөттө актай турчу бизнеске салуу максатсыз» деп кошумчалады.

Буга чейин, 17-августта Ысык-Көлдүн жээгиндеги төрт пансионат 49 жылга  Өзбекстанга башкарууга берилери белгилүү болгон. Бирок ага көпчүлүк активситтер каршы чыккан. Бул боюнча жазуучу Олжобай Шакир 31-августта тынчтык митингин уюштурууну көздөп, бирок УКМК тарабынан кармалган.

Ал эми Мамлекеттик мүлктү башкаруу агенттиги аталган төрт пансионат «начар жана авариялык акыбалда экенин» айтып, өзбек инвесторлору «ар бир пансионатка 15-20 млн доллар каражат жумшаары күтүлүүдө» деп билдирген.

ТЕМА БОЮНЧА: 

«Сат-саттын арты кет-кет». Бекназаров Өзбекстанга берилген төрт пансионат тууралуу пикирин айтты

Ысык-Көлдөгү төрт пансионат Өзбекстанга 49 жылга башкарууга берилет