Жапаров: Жалал-Абад экинчи экономикалык борборго айланат, ал үчүн 2 млрд сом бөлүндү

Президент Садыр Жапаров өлкөдө ишке ашырылып жаткан реформалардын алкагында Жалал-Абад шаарын Кыргызстандын экинчи экономикалык борборуна айлантуу боюнча атайын план бекитилгенин билдирди. Бул максатта 2 млрд сом бөлүнгөнүн билдирди президенттин басма сөз кызматы.

«Өлкөбүздөгү чоң-чоң шаарларды өнүктүрүүгө мындай каражат биринчи жолу бөлүнүп берилип жатканын баса белгилей кетейин. Чындыгында эле шаар макамын алып жүргөн калктуу пункттарыбыз шаар деген атка татыктуу болушу зарыл. Бул суммага шаарда буга чейин болбогон ири курулуштар жүрүп, социалдык-экономикалык багыттагы ондон ашык долбоорлор ишке ашырылып жатат», — деп билдирди Жапаров.

Президент мындай билдирүүнү Жалал-Абадда акын Түмөнбай Байзаков атындагы борбордук проспектисинин ачылышында жасады. Анын айтымында, аталган көчө дагы шаарга деп бөлүнгөн каражаттын эсебинен жаңыртылган. 

 

«Мындан сырткары, учурда шаардын көптөгөн ички жолдорун оңдоо жумуштары кызуу жүрүп жатат. Долбоорго бир катар өндүрүштүк ишканалар жана социалдык объектилерди куруу да камтылган. Быйыл Жалал-Абад шаарында курулуш жылы болду десем жаңылышпаймын. Муну баары Жалал-Абад шаарынын тургундарына ыңгайлуу шарттарды түзүп берүүгө багытталат», — деди президент.

Ошондой эле президент жакын арада калкы жыл сайын өсүп жаткан Жалал-Абаддын башкы планы өзгөртүлүп, аймагы кеңейтилерин билдирди.

«Өнүгүүнүн жаңы түйүнүнө айланып бара жаткан бул шаарда аталган 2 млрд сомдон сырткары, республикалык бюджеттен каржыланып жаткан курулуштар да арбын. Бүгүнкү күндө эң ири долбоорлордун бири катары шаардын чок ортосунда жайгашкан Жаза аткаруу мекемесин шаар сыртына которуу иштерин атасак болот. Алдыда Жалал-Абад аэропортун да шаар четине чыгарып, заманбап эл аралык аэропорт курууну көздөп жатабыз. Бул аракеттер биринчи кезекте калаа тургундарынын коопсуздугун, жайлуулугун камсыз кылат», — деди Жапаров.

Жапаров Жалал-Абадга эмнеге барган?

Президент Жалал-Абаддагы иш сапарында УКМКнын башында турган үзөңгүлөшү Камчыбек Ташиев менен жүрдү. Ал жакта алар «Барселона» футбол академиясынын ачылышына катышып, ушундай эле аталышты алып жүргөн каталондук клубдун легендалары менен жолугушушту

Ошондой эле Жапаров менен Ташиев Жалал-Абадда «Барсанын» легендалары менен бир катар аймактык футболдук командаларында ойногон балдардын ортосундагы көргөзмө матчка да күбө болушту.  

Тем боюнча: Бир кадр менен: Жапаров менен Ташиев «Барсанын» легендарлуу оюнчулары менен жолугушту

Жапаров катышкан иш-чаралар ушуну менен эле бүтпөйт. Президент атасы Мусталый уулу Нуркожо ажынын атынан коюлган жаңы Ислам маданий борборуна барганга да үлгүрдү. Борбор эки кабаттан турат жана 450 кишиге ылайыкталган. 

 

Борбор бир жылда тургузулган, анын курулушу 2022-жылдын августтунда башталып, 2023-жылдын августунда бүткөн. 

«Мамлекет башчысы Кыргызстандын калкынын басымдуу бөлүгү ислам динин тутунарын эске алуу менен мусулмандардын намаз окуй турган жаңы жери пайда болорун белгиледи. Бул ислам борбору калк арасында диний сабаттуулукту жогорулатуу максатында жакшы ниет менен курулган», — деп билдиришти Жапаровдун басма сөз кызматынан.

«Клооптун» иликтөөсү жана прокуратуранын фондду жоюу тууралуу доо арызы

Мурдараак «Клооптун» журналисттери иликтөө чыгарып, «Барселона» футболдук кулубунун Кыргызстандагы франшизасынын ээлеринин катарында УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиевдин туугандары менен өлкө башчысынын жакын адамдары бар экенин айтып беришкен. Дал ошол «Барса» футболдук академиясынын Жалал-Абаддагы ачылышына карата Бишкекте каталондук клубдун легендалары менен матч өткөнү турат.

Мамлекет башчысы иликтөөчү журналисттердин маалыматтарын бышыктаган. Бирок аны менен кошо Жапаров журналисттерди «чымындан пил жасап, жамандык эле жазып, инвесторлорду үрктүп жатышат» деп кескин сынга алган. 

Анын эртеси эле Бишкек шаардык прокуратурасы Октябрь жана Биринчи май райондук сотторуна «Клооп Медиа» коомдук фондун жоюу тууралуу доо арыз бергени маалым болгон. Документте доонун себеби катары — «көрсөтүлгөн уставдын алкагынан тыш ишмердүүлүк жүргүзүп жатканы» айтылат. 

Ошол эле кезде документтин көпчүлүк бөлүгү таптакыр эле башка темага арналган — «Клооптун» материалдары Кыргызстанга терс таасир этип жаткан имиш.