Көк бөрү чыры: Таласта төрт кишини канжалата сабагандар 2 айга камакка алынды

Видеодон скриншот

Талас облусунда жолдон өтүп бара жаткан төрт кишини коркутуп, канжалата сабаган төрт тургун Бакай-Ата райондук сотунун чечими менен 3-ноябрга чейин камакка алынды. Бул тууралуу «Клоопко» 4-сентябрда облустук соттон билдиришти.

1-сентябрда соцтармактарда Ош облусунун жашоочулары экени айтылган төрт тургундун канжалата сабалган видеосу тарап, милиция териштирүүнү баштаган. Тасмада аларды 31-августта Ошто өткөн көк бөрүдөгү чырга байланыштуу мажбурлап кечирим суратышкан.

Талас облустук милициясы видеодогу сабалган төрт киши Ош облусунун тургундары экенин тастыктаган. Алар Орусиядан Volkswagen Golf үлгүсүндөгү автоунаа менен Тараз — Талас — Суусамыр унаа жолу аркылуу үйүнө бара жаткан.

Ошол эле күнү 1-сенятбрда Талас ОИИБи жолоочуларды коркутуп, сабоого шектүү катары 28 жаштагы төрт шектүүнү колго түшүрүлгөнүн маалымдаган. Аларга «Расалык, этностук, улуттук, диний же региондор аралык кастыкты козутуу» беренесинин негизинде иш козголгон. 

3-сентябрда кармалган тургундардын жакындары алардын атынан кечирим сурап, шектүүлөрдү үй камагына чыгарууну өтүнүшкөн.

Көк бөрүдөн чыккан чыр

31-августта өлкөнүн көз карандысыздыгынын 32 жылдыгына карата Ош облусунда көк бөрү оюну өткөрүлүп, анын финалында Таластын «Ынтымак» командасы Оштун «Достук» командасын 2:1 эсебинде жеңип алган.

Оюн аяктар алдында жыйынтыкка нааразы болгон көрүүчүлөр калысты ур-токмокко алып, анда жалпы алты киши жабыркап, бир милиция кызматкери ооруканага жеткирилген.

Окуя боюнча УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев кечинде кайрылуу жасап, чыр-чаттакка тиешеси бар ар бир тургун мыйзам чегинде жазаланарын билдирген. Ташиев чагымчылдыкка алдырбоого жана ынтымакка чакырган.

Ал эми ИИМ окуяга байланыштуу соцтармактарда региондор аралык кастыкты козутууга түрткөн чагымчыл билдирүүлөрдү тараткандар мыйзам чегинде жоопкерчиликке тартыла турганын эскерткен.

1-сентябрда Ош милициясы чырга тиешеси бар 25 кишини кармаган. Териштирүү уланып жатат.

ТЕМА БОЮНЧА:

Ош: Көк бөрү оюнундагы чырга байланыштуу 25 киши кармалды

Ош: Көк бөрүдөгү чырдан алты киши жабыркады, бир улакчы ооруканага түштү

Көк бөрү чыры: Талас ОИИБи соцтармакка тараган видео боюнча териштирүүнү баштады

Ош: Күйөрмандар «Ынтымак» көк бөрү командасынын оюнчуларына ат мингизди