Каныбек Иманалиев билим берүү министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалды

24-февралда билим берүү министри Уланбек Мамбетакунов кызматтан кетти. Анын ордуна экс-депутат Каныбек Иманалиев министрдин милдетин аткаруучу болуп дайындалды. Тиешелүү буйрукка президент Садыр Жапаров кол койду.

Мамбетакуновдун эмне себептен иштен кеткени азырынча белгисиз. Ал фейсбук барагына «Ишеним үчүн баарыңыздарга рахмат! Эмнеси болсо да, мен билим берүү системасындамын» деп жазды. Ал министрлик кызматка өткөн жылдын октябрь айында дайындалган.

Ал эми Каныбек Иманалиевди билим берүү жана илим министри кылып биротоло дайындоо үчүн Жогорку Кеңешке сунушталары кабарланды.

Каныбек Иманалиев — публицист, Жогорку Кеңештин төрт чакырылышында депутат болгон. Ошондой эле ал бир нече жолу жөө жүрүштөргө, тынчтык митингдерине катышкан.

Иманалиев Жогорку Кеңештин алтынча чакырылышында «Ата Мекен» партиясынан депутат болуп турганда Алмазбек Атамбаевди экс-президент макамынан ажыраткан комиссияны жетектеген. Анда депутат кесиптеши Ирина Карамушкинанын буга чейин ага карата кылмыш иши козголгону тууралуу айтканына «мага кылмыш ишин табуу — бул Нарын дарыясынан крокодилди тапкандай» деп жооп бергени менен эсте калган.

Ал эми 2020-жылы, Садыр Жапаров президент болуп шайланчуда ал дагы президенттикке талапкер болон. Иманалиев анда Жапаровду жана анын Конституциялык реформасын сындап чыккан. Ал эгерде өлкөдө президенттик башкаруу орнотулса «Кыргызстан Түркмөнстанга эмес, Ооганстанга айланат» деп билдирген.

ТЕМА БОЮНЧА:

Иманалиев: Эгерде Жапаров президент болсо «эң сабатсыз өлкө башчы» болот