Кемпир-Абад иши: Абактагылар аларга карата кыйноо уланып жатканын айтышууда

«Кемпир-Абад иши» боюнча айыпталып жаткан саясатчылар Азимбек Бекназаров, Равшан Жээнбеков, Кубанычбек Кадыров жана Жеңиш Молдокматов дагы деле абакта кыйноого кабылууда. Бул тууралуу 6-сентябрда Равшан Жээнбековдун фейсбук барагына жарыяланган билдирүүдө айтылат.

Анда төрт саясатчыны «жертөлөдөгү сыз, караңгы, суук камерага которгону аз келгенсип, 5-сентябрдан тарта үстүлөрүнө оорулуу адамдарды киргизип башташканы» белгиленген.

«Камеранын ичинде басмак тургай, дем аларга аба жетпей калды. Жаңы киргизилгендердин арасында коркунучтуу оору менен ооруган, адам өлтүрүү менен соттолуп жаткандар бар экен. “Бийлик ушундай жол менен оппозиция өкүлдөрүн жок кылууга багыт алгандай” деп кабыл алып жатабыз», — дешти саясатчылар.

Абактагыларга карата кыйноо болуп жатканы тууралуу буга чейин бир нече жолу айтылган. Жээнбеков буга «УКМКнын тиешеси бар экенин» айтып, эл аралык уюмдарга, Кыйноолорду алдын алуу борборуна, Акыйкатчы институтуна жана укук коргоочуларга кайрылган.

Жаза аткаруу кызматы «Клоопко» саясатчылардын кыйноого кабылганы тууралуу маалыматты төгүндөдү. Мекеменин басма сөз катчысы Ызаат Тургунбаева «кыйноо — кылмыш» экенин белгилеп, «абакта андай нерсе жок» деп билдирди.

Кемпир-Абад иши

2022-жылдын октябрында Кемпир-Абад суу сактагычынын жерин Өзбекстанга берүүгө каршы чыккан 30га чукул активист, саясатчы кармалган. Аларга «Массалык башаламандык уюштурууга даярдык көргөн» деген айып тагылган.

Алардын көпчүлүгү негизсиз камалганын айтып ачкачылык жарыялашкан — ноябрда башталган акция декабрдын аягына чейин созулган. Айрымдары сот отурумдарында эсин жоготсо, башкалары абалы оорлоп кеткендиктен ооруканага жаткырылган.

Кармалгандардын баары Кемпир-Абад суу сактагычынын Өзбекстанга өтүшүн ачык сынга алышкан, алар дал ошол ачык айтылган сөздөрү өздөрүн камакка алууга негиз болгон деп келишет. Сот айрым саясатчылар үй камагына чыгарса, кээ бирин абакта калтырган.

Активист, саясатчылардын кармалышын бир катар депутаттар айыптап, ал эми Human Rights Watch эл аралык укук коргоо уюму Кыргызстандын бийлигинен кармалгандардын баарын бошотууга чакырган.

ТЕМА БОЮНЧА:

Кемпир-Абад иши: Али Шабдан, Эрлан Бекчоро уулу жана Акыл Айтбаев үй камагына чыкты

«Кемпир-Абадды бергенге барабар». Равшан Жээнбеков Өзбекстанга берилген төрт пансионат тууралуу