Ленин округундагы шайлоо: Саат 12:00гө карата шайлоочулардын 4,85%ы добуш берди

10-сентябрда Бишкек шаарындагы №26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округунан Жогорку Кеңештин депутаттыгына кайра шайлоо өтүп жатат.

БШКнын маалыматына ылайык, саат 12:00гө карата шайлоочулардын 4,85%ы, тагыраагы 6 миң 169 киши добуш берди. Ал эми шайлоочулардын жалпы саны — 127 миң 239 адам. Кечээ сегиз киши участкадан тышкары добуш берген.

Боршайкомдун мүчөсү Тынчтыкбек Шайназаров добуш берүүдөгү мыйзам бузуу тууралуу сегиз билдирүү түшкөнүн белгиледи. Алардын алтоо боюнча иш козголуп, чара көрүлөрүн кошумчалады.

Ленин районундагы мөөнөтүнөн мурда экинчи жолу өткөрүлүп жаткан шайлоодо жалпы 24 талапкер ат салышууда. Алардын 19у эркек, 5и аял.

Аймакта 51 добуш берүүчү жай уюштурулган. БШК жарандарды шайлоого активдүү катышууга чакырууда. Ал эми бул шайлоого 13 млн 208 миңден ашык сом жумшалары айтылган.

Жыйынтыгы жараксыз деп табылган шайлоо

28-майда Бишкектеги бир мандаттуу №26 Ленин шайлоо округунда мөөнөтүнөн мурда депутаттык шайлоо өткөн. Анда Дамира Ниязалиева шайлоочулардын эң коп добушуна татыса, Улан Сариев экинчи орунга чыккан.

Эртеси күнү Ниязалиеванын үстүнөн «Добуш сатып алуу» боюнча иш козголгон. Анын штабы тинтүүгө алынып, мөөр басылып жабылган. Буга интернетте тараган аудио негиз болгон.

Ал эми 1-июнда УКМК экинчи орунда эң көп добуш алган талапкер Сариев добуш сатып алууга шектелип жатканын билдирген.

16-июнда Боршайком мөөнөтүнөн мурда шайлоонун жыйынтыгын жараксыз деп тапкан. Шайлоо өткөрүүгө бюджеттен 18 млн 636 миң 500 сом жумшалган.

Мөөнөтүнөн мурда шайлоо өткөрүүгө экс-депутат Жаныбек Абировдун «кафелердин биринде күзөтчүнү сабаганы» айтылып, коомчулуктун кызуу талкуусунан соң мандатын тапшырганы себеп болгон.