Ленин округундагы шайлоо: Дагы бир талапкер Улан Сариев добуш сатып алууга шектелүүдө

Сүрөт: УКМК

Ленин округундагы 28-майда мөөнөтүнөн мурда өткөрүлгөн шайлоодо экинчи орунда эң көп добуш алган талапкер Улан Сариев добуш сатып алууга шектелип жатат. Бул тууралуу 1-июнда УКМКдан маалымдашты.

Маалыматка ылайык, «Шайлоочулардын добуштарын сатып алуу» беренесинин негизинде козголгон кылмыш ишинин алкагында тергөө иш-чаралары жүргүзүлгөн.

Анын натыйжасында, парламенттин депутаттыгына талапкер Сариев жана анын айланасындагылар үгүт мезгилинде «шайлоочуларды сатып алууга аракеттенип, шайлоо фондуна кирбеген финансылык каражаттарды жана административдик ресурсту кыянаттык менен пайдаланып, ошондой эле шайлоочуларды ташыганы» тууралуу далилдер алынган.

Учурда коопсуздук комитети тарабынан козголгон кылмыш ишинин негизинде ыкчам тергөө иштери уланууда. Атайын кызматтан тергөөнүн жыйынтыгында чогулган материалдар Борбордук шайлоо комиссиясына кароо үчүн жөнөтүлөрүн белгилешти.

Айыптоолор боюнча Сариев жана анын үгүтчүлөрү азырынча комментарий бере элек.

Ленин районундагы шайлоо

28-майда Бишкектеги бир мандаттуу №26 Ленин шайлоо округунда мөөнөтүнөн мурда депутаттык шайлоо өткөн. Мөөнөтүнөн мурдагы депутаттыкка талапкер Улан Сариев 11,88% добуш менен экинчи орунга илинген — ага 2070 шайлоочу добуш берген.

Ал эми добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча алдыга чыгып, 35,83% добушка ээ болгон талапкер Дамира Ниязалиеванын үстүнөн 29-майда «Добуш сатып алуу» боюнча иш козголгон. Анын штабы тинтүүгө алынып, мөөр басылып жабылган. Буга интернетте тараган аудио негиз болгонун кабарланган.

Ниязалиеванын үгүтчүлөрдүн бири менен телефондо сүйлөшүүсү делген үн жаздыруу 29-майда тараган. Анда добуш сатып алуу тууралуу сөз болгон. Бирок Ниязалиева аудиону монтаж деп атап, муну «атаандаштарынын добуштарды жокко чыгарууга аракети» деп баалаган.

31-майда «Добуш сатып алуу» боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында Ниязалиеванын штабында иштеген эки киши кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Азыркы тапта алар тергөө менен кызматташууда.

БШКнын маалыматына ылайык, шайлоодо добуш берүүгө округдагы шайлоочулардын 13,95% гана катышты. Бул аймакта 125 миңдей шайлоочу катталган.

ТЕМА БОЮНЧА:

Ленин округундагы шайлоо: Баштапкы жыйынтык боюнча Дамира Ниязалиева алдыда

Шайлоодо алдыга чыккан Ниязалиевага кылмыш иши козголуп, штабы мөөр басылып жабылды

ИИМ Ниязалиеванын штабында иштеген эки адамды «добуш сатып алуу» боюнча камакка алды