Бишкектин бир мандаттуу округу боюнча парламенттик шайлоого 18 миллион сомдон ашык каражат жумшалат

28-майда боло турган Бишкек шаарынын Ленин райондук бир мандаттуу округу боюнча Жогорку Кеңешке депутаттык шайлоого 18 млн 636 миң 500 сом жумшалат. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссисиясы билдирди.

Маалыматка ылайык, мекеменин өзүнүн чыгымы 13 млн 200 миң 500 сомду түзөт. Ал эми 5 млнн 436 миң сом аймактык шайлоо комиссиясы менен шайлоо тилкесинин чыгымдарына бөлүнөт. Ошондой эле парламентке шайлоого карата 96 техникалык адис ишке тартылып, айлык акы каралат.

Аны менен катар шайлоо комиссиясынын кызматкерлери, идентификация боюнча операторлор жана тартипти камсыздоо үчүн тартылган ИИМдин кызматкерлеринен турган жалпы 102 адамдын тамак-ашына күнүнө 500 сомдон бөлүнөт.

Буга чейин Бишкектин Ленин райондук бир мандаттуу шайлоо округунда мөөнөтүнөн мурда депутаттык шайлоо 28-майда өтөрү белгилүү болгон. Аталган жарлыкка 29-мартта президент Садыр Жапаров кол койгон.

Мөөнөтүнөн мурда шайлоо өткөрүүгө экс-депутат Жаныбек Абировдун кафеде мушташканына байланыштуу мандатын тапшырганы негиз болгон.

Үстүбүздөгү жылдын 13-мартында Жаныбек Абиров «кафелердин биринде күзөтчүнү сабаганы» айтылып, коомчулукта кызуу талкуу жараткан. 27-мартта ал депутаттык ыйгарым укугун өз каалоосу менен тапшырып берген.

Абиров болуп өткөн «окуянын олуттуулугун түшүнүп жатканын жана мыйзам чегинде жоопкерчилик тартууга даяр экенин» баса белгилеп, ушул себептен улам өз каалоосу менен депутаттык мандатын тапшырууну чечкенин айткан.

27-мартта Кемпир-Абад иши боюнча кармалып, абакта отурган саясатчы Равшан Жээнбеков Абировдун ордуна шайлоого катышарын билдирген.

«Мурдагы шайлоодо Абиров бийликтин күчү менен мени уткан. Мен ал убакта түрмөдө отуруп экинчи орунду алгам. Азыр дагы түрмөдө отуруп кайрадан шайлоого барам. Бул саясий күрөш. Саясий күрөштү кайрадан улантышыбыз керек», — деп билдирген Жээнбеков.

ТЕМА БОЮНЧА:

Бишкектин Ленин округунда мөөнөтүнөн мурда депутаттык шайлоо 28-майда өтөт

Депутат Абиров мушташтан кийин өз каалоосу менен мандатын тапшырганын билдирди

Абактагы Равшан Жээнбеков Абировдун ордуна парламентке шайлоого катышарын билдирди