Соода борборундагы президенттин видеосу: Султанбаев эч кандай жарнама беришпегенин айтты

Бишкек шаарындагы VEFA соода борборунун жарнама жайгаштыруучу чоң экранына президент Садыр Жапаровдун видеосу көрсөтүлүүдө. Андагы кадрлар өлкө башчынын 2022-жылдагы Жаңы жылдык куттуктоосунан алынган.

Тасманын алгачкы кадрларында жарнама жайгаштырууну каалагандар үчүн телефон номерлери көрсөтүлгөн. Кийинки кадрлардан Жапаровдун басып баратканын көрүүгө болот.

Өлкө башчынын басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев «Клоопко» президенттин видеосун соода борборго жайгаштыруу боюнча эч кандай жарнама берилбегенин билдирди.

Ал эми VEFA’дагы жарнама тактасына жооптуу «Сазис Групп» жеке компаниясынын менеджери «Клоопко» президенттин видеосун «өз демилгелери менен жайгаштырганын» айтты. Ошондой эле ал жарнама тактасынын соода борборго эч кандай тиешеси жок экенин билдирди. 

«Айына жарнама берүү 25 миң сомдон башталат. Президенттин видеосун элдер көрүп турсун деп өзүбүз эле коюп койгонбуз. Эч кандай жарнама болгон эмес. Жакшы видеолорун таба албай жатам, тапсам жакшыраактарын чыгарып коймокмун», — деди ал.

Буга чейин президент бир нече жолу соода борборлорго барган. 2022-жылы январда «Чынар» универмагын кыдырып, өзүнө күндөн сактоочу көз айнек сатып алган. 

Үстүбүздөгү жылдын 14-майында болсо өлкө башчысы биринчи айым Айгүл Жапарова менен бирге Asia Mall’го барып, тамактанып кеткен. Эки жолкусунда тең ал соода борборундагы адамдар менен сүрөткө түшкөн.

ТЕМА БОЮНЧА:

Жапаровдун элди КТРКдан Жаңы жыл менен куттуктоосу үгүт болгон — талапкердин штабы