Шевченко менен Грассонун беттеши тең чыгуу менен аяктап, чемпиондук кур мексикалык мушкерде калды

Кыргызстандык мушкер Валентина Шевченко мексикалык спортчу Алекса Грассодон UFC’нин чемпиондук курун кайтырып алуу үчүн беттешип, мелдеш тең чыгуу менен аяктады.

Беттеш 17-сентябрга карган түнү АКШнын Лас-Вегас шаарында уюштурулган UFC Fight Night 227 турниринин алкагында өттү. Алгачкы раунддарда эки мушкер тең кылдат аракет кылышты. Кийинкилеринде экөө тең бири-бирине сокку уруп, атайын ыкмаларды колдонууга өтүштү.

Чемпиондук үчүн күрөш беш раундга чейин созулду. Калыстар бир пикирге келе албай, беттеш тең чыгуу менен аяктап, чемпиондук титул мексикалык мушкерде калды.

Шевченко менен Грассонун буга чейинки беттеши 5-мартта болгон. Алгачкы раунддарда үстөмдүк кылып келе жаткан Шевченкону Грассо муунтуу ыкмасы менен жеңип алган.

Ага чейин Шевченко UFC’нин чемпиондук титулун катары менен жети ирет коргогон. Мушкер айым 2018-жылдан бери бир да жолу жеңилген эмес болчу.

Шевченко 2021-жылы UFC’нин жаңыланган рейтингинде аялдардын арасында салмак категорияларына карабастан эң мыкты мушкер айым деп таанылган. Ал эми Fighters Only журналынын жыйынтыгы менен ал 2022-жылдын мыкты мушкер айымы наамына татыган.

ТЕМА БОЮНЧА:

UFC чемпиону Валентина Шевченко 2022-жылдын мыкты мушкер айымы деп таанылды