УТРК Рустам Жапаровдун инвестиция тартышына каршы болгон «бир да кишини таба алган жок»

Улуттук телерадио корпорациясы 18-сентябрда видеосюжет жарыялады. Анда мамканалдын журналисттери кыргызстандыктардан президенттин уулу Рустамдын өлкөдөгү ири инвестициялык долбоорлорго катышуусу боюнча пикирин сурашкан.

Мамлекеттик телеканал сурамжылоого алгандардын баары буга «жакшы эле көз карашта экенин» айтып, Рустам Жапаровду бозгун президент Курманбек Бакиевдин уулу Максим Бакиевге салыштыруу «туура эмес» дешкен.

Рустам Жапаров — азамат, ал Максим эмес

Видеодо өлкө боюнча 20дай жарандын пикири берилген, алардын баары — орто жаштагы эркек кишилер.

«Жакында сырттан каржыланган медиалар — “Клооп” жана Temirov Live каналы президент Садыр Жапаровдун уулу Рустам Жапаровдун Кыргызстандагы ири долбоорлор менен байланышы аталышындагы иликтөө сымал материалын жарыялаган. Биз бул маселе боюнча региондордо карапайым калк арасында сурамжылоо жүргүзүп, коомчулуктун оюн билип көрдүк», — дейт алып баруучу.

Сурамжылоого катышкан Ош шаарынын тургуну Майсалбек Раимбердиевдин пикиринде, ким менен гана болбосун тил табышып, өлкөгө инвестиция тартып келүү керек.

«Инвестиция тууралуу айта турган болсок, Садыр Жапаровдун баласы, Рустам Жапаров, азамат, колунан келип атат, [инвестицияны] алып келе берсин. [...] Эгер Кыргызстанга инвестиция кылып атса эмнеси жаман? Жумуш орундары пайда болот», — дейт ал.

Ал «Клооп» жана башка ЖМКлар «коомчулукту адаштырып жатат» деп эсептейт.

Раимбердиевдин пикирине Оштун бир нече тургуну, Баткендин, Талас, Жалал-Абад жана башка аймактардын тургундары да кошулат. Алардын айтымында, «өлкөдө реформалар жүрүп жатат, мектептер жана ГЭСтер курулуп жатат, мамлекет болсо бийликтин аракетинин арты менен өнүгүп жатат».

«Бардыгы биригип келип ушул эки кишидей [президент Жапаров менен УКМКнын төрагасы Ташиев] иштей алышкан жок, мурункулар, эгемендүүлүк алгандан берки. Көрүп атабыз, мына, шаардын мэрлерин жакшы иштетип жатат, шаардын оңолуп-түзөлүп жатканын көрүп жатабыз. Балдары тууралуу: мен Садыр Жапаровдун же Ташиевдин бир нерсеге аралашып, бир нерсени жулуп алды деген сөздөргө кошулбайм. Бул буларды каралоо. Эптеп алардын рейтингин түшүрүү [аракети]. Бакиевдин балдары менен Садыр Жапаровдун балдарын салыштырып болбойт. Себеби Бакиевдин балдары башында эле жогорку кызматтарга отура баштаган. Садыр Жапаров баласын бир кызматка койгонун мен уккан жокмун», — дейт Оштун тургуну Дүйшөн Турдуев.

Баткен облусунун тургуну Максат Маккам уулу президенттин уулдары тууралуу ушактарга ишенбөөгө чакырат. Анын пикиринде, «батыштан каржыланган ЖМК чын дагы, жалган дагы болушу мүмкүн болгон негативдүү нерселерди атайын көп айтат».

«Булар чындыгында биздин өлкөнүн бүтүндүгүнө коркунуч жаратат», — деп эсептейт ал.

Жалал-Абад облусунун тургуну Шарабидин Жаанбаев эгер президенттин уулу ири долбоорго катышып жаткан болсо да бул «өлкө үчүн жакшы» дейт.

«Президентибиз жакшы. Эми балдары [инвестиция] тартып атканы, тартышсын! Алар өздөрүнүн кызыкчылыгы үчүн тарткан жок, Кыргызстан үчүн тартып жатат, [...] келечегибиз үчүн тартып жатат», — деп эсептейт ал.

Сурамжылоого катышкан жалгыз аял Каракол шаарынын тургуну Акылсайра Жумабекова да Садыр Жапаров менен Бакиевдин уулдарын салыштырууга болбосуна бөркүндөй ишенет.

«Баарыбызда бала бар. Ар бир бала өзүнүн мамлекетине пайдасын тийгизейин деп аракетин кылышы керек. Менин атам президент, менин атам чоң кызматкер деп отуруп албашы керек. Ал дагы өзүнүн пайдасы тийгендей [болушу керек]. Мен жетимишке баратып дагы жетимдер үйүн салсамбы деп инвестор издеп жүрөм. Мисал үчүн инвестор алып келсем, мамлекетке пайдам тийсе, мамлекетке эмне зыян тийгизген болом?» — деп суроо салган ал.

УТРК сурамжылоого алган жарандардын арасында башка көз карашты карманган, бөлөк пикир айткан бир да киши табылган эмес. Бул Кыргызстандагы мамлекеттик жана бийликчил ЖМК үчүн көнүмүш көрүнүш.

Президенттин уулунун достору тууралуу иликтөө

Мурдараак «Клооп», OCCRP жана Temirov Live Рустам Жапаровдун досторунун Борбордук Азияда жүк ташуучу көмүскө тармак түзгөн кытайлык бизнесмен Хабибула Абдукадыр менен байланышы бар ири долбоорлорго тиешеси бар экенин иликтеп чыккан. Иликтөөчүлөр президенттин уулдарынын достору ири долбоорлорго катышкан түрдүү компанияларга ээлик кыларын көрсөтүп беришкен.

Андан тышкары «Клооптун» журналисттери «“Барса”, Росатом жана Ташиев. УКМК төрагасынын футболду жайылтуудагы өнөктөшү ким?» деген аталыштагы иликтөөсүндө Жалал-Абадда «Барселона» футбол академиясын ачууда Камчыбек Ташиевдин уулдары менен бозгун президент Курманбек Бакиев менен байланышы бар орусиялык бизнесмендин байланышын аныкташкан.

Академия тууралуу иликтөөгө комментарий берип жатып, Садыр Жапаров «Клооп» «илгертен бери кыргызга кылган зыянынан башка пайдасы жок» деп билдирген. Ал басылмага «жок дегенде зыяныңарды тийгизбей тургулачы» деп кайрылган.

Андан көп өтпөй эле Бишкек шаардык прокуратурасы борбор калаанын Октябрь жана Биринчи май райондук сотторуна «Клооп Медиа» коомдук фондун жоюу жөнүндөгү доо арызын берген. Документте доонун себеби катары — фонд «көрсөтүлгөн уставдын алкагынан тыш ишмердүүлүк жүргүзүп жатканы» айтылат.

Ошол эле маалда документтин чоң бөлүгү таптакыр башка темага арналган — «Клооптун» макалалары Кыргызстанга терс таасирин тийгизип жаткан имиш.

Бирок «Медиа полиси институтунун» юристтери жана Кыргызстандын медиакоомчулугу борбор калаа прокуратурасынын арызы «негизсиз» деп эсептешкен. Алар бир катар эл аралык уюмдар сыяктуу эле өлкө бийлигин «“Клоопту” куугунтуктоону токтотууга жана арызды кайтарып алууга» чакырышкан.